Жетекчилер Түркиянын батышында Измирдеги полиция бөлүмүнө куралдуу кол салууда эки полиция кызматкери шейит кеткенин, дагы экөөсүнүн жаракат алганын билдиришти. Окуяга байланыштуу 16 жаштагы шектүү кармалды.
16 жаштагы Э.Б. Измирдин Балчова районундагы Салих Ишгөрен полиция бөлүмүнө мылтык менен ок чыгарган. Ички иштер министри Али Йерликая бул "мыкаачылык" кол салууда эки полиция кызматкеринин шейит болгонун, бир полиция кызматкери оор, экинчисинин жеңил жараланганын билдирди.
Йерликая X платформасында "Окуяга шектүү 16 жаштагы Э.Б. кармалды жана тергөө иштери башталды", - деп жазды.
Жаракат алган кызматкер, Докуз Эйлүл университетинин Изилдөө жана Колдонмо ооруканасына жеткирилди.
Адилет министри Йылмаз Тунч кол салууга байланыштуу Измир Башкы прокуратурасы тарабынан соттук тергөө башталганын жарыялады.
Тунч X баракчасындагы билдирүүсүндө куралдуу кол салууну айыптап: «Измир Башкы прокуратурасы тарабынан окуяга байланыштуу дароо соттук териштирүү башталып, эки башкы прокурордун орун басары жана алты прокурор дайындалды»,-деди.
Медиа маалыматтарына караганда, полиция топтору окуядан кийин аймакта кеңири коопсуздук чараларын көрүштү. Измир шаарынын мэри Жемил Тугай бул "чыккынчылык" кол салууну айыптап, шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.


























