ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Белгилүү пакистандык экономист, саясатчы жана окумуштуу Хуршид Ахмад дүйнөдөн кайтты
1932-жылы 23-мартта Индиянын Дели шаарында төрөлгөн Ахмад Пакистан Сенатында үч мөөнөт иштеген, Пландоо комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон жана ислам адабияты, экономикасы жана социалдык маселелери боюнча көптөгөн эмгектерди жазган.
Белгилүү пакистандык экономист, саясатчы жана окумуштуу Хуршид Ахмад дүйнөдөн кайтты
He was 93. / Others

Белгилүү пакистандык экономист, философ, саясатчы жана ислам аалымы профессор Хуршид Ахмад узакка созулган оорудан кийин жекшемби күнү Англиянын Лестер шаарында каза болду. Анын үй-бүлөсү жана партиясы тастыктаган кабарларга караганда, ал 93 жашта болгон.

1932-жылы 23-мартта Индиянын Дели шаарында туулган Хуршид Ахмад өзүнүн жаркын карьерасында маанилүү кызматтарды аркалаган. Пакистандын сенатынын мүчөлүгүнө уч жолу шайланган Ахмад өлкөнүн пландоо комиссиясынын председателинин орун басары болуп иштеген. Ислам адабияты, экономика жана социалдык маселелер боюнча да көптөгөн китептерди жазган.

1947-жылы Индия бөлүнгөндөн кийин анын үй-бүлөсү Пакистанга көчүп, Лахор шаарында отурукташкан. 1949-жылы ал кездеги кадыр-барктуу окуу жай болгон, азыр университетке айланган Өкмөттүк техникумда бизнес жана экономика багытында билим ала баштаган.

Ахмад 1962-жылы Карачи университетинен экономика боюнча магистр даражасын алып, Англияга докторантурага тапшырган. Ал 1968-жылы Лестер университетинин докторантурасын аяктаган. 1970-жылы Лестер университети тарабынан билим берүүнүн ардактуу доктору наамы ыйгарылган жана ошол эле жылы университеттин философия бөлүмүнө заманбап философиядан сабак берүү үчүн кошулган.

Ислам экономикасы

Ал 1950-жылдары өлкөнүн эң ири студенттик уюму болгон Ислами Жамиат Талабанын президенти болуп эки мөөнөткө иштеген жана 2015-жылга чейин дээрлик жыйырма жыл бою өлкөнүн негизги диний-саясий Жамаат-е-Ислами (JI)  партиясынын төрага ору басары болуп иштеген.

Ахмад дагы бир көрүнүктүү диний аалым менен бирге Улуу Британиядагы Ислам миссиясын негиздеген. Бул уюм кийинчерээк Улуу Британиядагы эң чоң мусулман уюмдарынын бирине айланган. Ал ошондой эле Исламабадда жайгашкан саясий изилдөөлөр институтунун негиздөөчү мүчөсү болгон.

Анын ислам экономикасы жаатындагы иштери ислам экономикалык укугунун өнүгүшүнө салым кошкон. Ал ошондой эле кадыр-барктуу «Таржуман-ул-Куран» аттуу ислам журналын жыйырма жылдай жетектеген.

Ал 1990-жылы абройлуу «Король Фейсал» атындагы эл аралык сыйлыкка жана 2011-жылы Пакистандын эң жогорку жарандык сыйлыгы болгон Нишан-е-Имтиазга (Мыктылык ордени) татыктуу болгон.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди