Сереп салуу
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: «Биз Түркияны жасалма интеллект доорунун алдыңкы сабына алып чыгабыз»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Терсане Стамбулда өткөн «Түркия жасалма интеллект саммитинде» сөз сүйлөдү.
Эрдоган: «Биз Түркияны жасалма интеллект доорунун алдыңкы сабына алып чыгабыз»
Түркия жасалма интеллект саммити
 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Терсане Стамбулда өткөн «Түркиянын жасалма интеллект саммитинде» маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Санариптик кубаттуулуктун сестентүүчү күч көбөйткүч экенин баса белгилеген Эрдоган 2026-2030-жылдарды камтыган «Түркиянын жасалма интеллект боюнча иш-аракеттер планын» коомчулук менен бөлүштү.

«Биз жасалма интеллект сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен Түрк кылымында санариптик тармакта улуу жана күчтүү Түркияны курууга чечкиндүүбүз», - деп айткан Президент, план «таануу, колдонуу, өндүрүү жана башкаруу» катары төрт негизги тирекке негизделгенин кошумчалады.

Пландын алкагында эки жылдын ичинде 5 миллион жаран жасалма интеллект боюнча сабаттуулукту өркүндөтүү окуусунан өтөт, 10 000 алдыңкы адис окутулуп чыгат жана коомдук маалыматтар топтомдору улуттук маалымат китепканасы аркылуу жеткиликтүү болот. Андан тышкары, маалымат борборунун орнотулган кубаттуулугу 2030-жылга чейин кеминде 1 гигаваттка чейин көбөйтүлөт; жана Түрк тилдеринин чоң тил моделине карай кадамдар TÜBİTAK түзгөн «Bilge» модели, T3 Foundation, Baykar жана HAVELSAN компаниясынын иши менен чечкиндүү түрдө улантылат.

Жасалма интеллект инфраструктурасы үчүн кеминде 10 миллиард доллар мобилизацияланаарын жана Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) менен биргеликте «Түрк тилдеринин чоң тил модели» иштелип чыгаарын жарыялаган президент Эрдоган экономикалык максатты төмөнкү сөздөр менен жарыялады: 

«Түркиянын жасалма интеллект боюнча иш-аракеттер планы менен биз мобилизациялай турган ресурстардан алынган кошумча нарк 1 триллион түрк лирасынан ашат деп күтөбүз. Кудай буюрса, биргеликте Түркияны жасалма интеллект доорунун алдыңкы сабына чыгарабыз. Ошондой эле, Түрк кылымын санариптик өндүрүш кылымына айландырабыз».

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди