САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Президент Жапаров: «Палестиналыктарга кылынган геноцид токтотулушу керек»
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров палестиналыктарга каршы геноцидди токтотууну жана Эл аралык Адилет Сотунун соттук териштирүүсүн баштоону талап кылышканын билдирди.
Президент Жапаров: «Палестиналыктарга кылынган геноцид токтотулушу керек»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУда / TRT

Президент Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөдү.

Газада бүткүл дүйнөнүн көз алдында болуп жаткан гуманитардык трагедияга көңүл бурулбай калбашы керектигин белгилеген Жапаров : «Палестиналыктарга каршы геноцид токтотулуп, Эл аралык Адилет Соту тарабынан соттук териштирүү башталышы керек»,-деди.

Жапаров 2023-жылдын 7-октябрындагы окуяны кайрадан айыптап, терроризмге каршы күрөштүн өзүнүн уникалдуу ыкмалары жана процедуралары бар экенин айтып, эмне үчүн карапайым адамдардын жана бейкүнөө балдардын өлүмүнө жол берилип жатканын түшүнбөй турганын билдирди.

Жапаров 1967-жылдагы чек араларга негизделген эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы керектигин, Палестина элинин укуктарынын корголушу керектигин, Газа тилкесиндеги адамкерчиликсиз кагылышуулардын натыйжасында чоң жоготууга учураган Палестина элинин азаптарын бөлүшүү керектигин белгиледи. 

Жапаров ошондой эле Катар жана Иран аймагын бутага алган акыркы ракеталык кол салууларды да айыптап: «Мындай кол салуулар көз карандысыз мамлекеттердин эгемендигине шек келтирет, аймактык ырааттуулук жана коопсуздукка коркунуч туудурат жана эл аралык укукка каршы келет»,-деди.

Иликте
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты