Сереп салуу
ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Палестиналык бала нан алууга барды бирок Израиль тарабынан өлтүрүлдү
Тогуз жаштагы Зейна Аль-Гуль Газанын Аль - Шати лагеринде нан алуу үчүн барып, Израилдин абадан кол салуусунда каза болду. Газада согуш жана жокчулук кичинекей балдарды нормалдуулуктун бардык көрүнүштөрүнөн ажыратты.
00:00
Палестиналык бала нан алууга барды бирок   Израиль тарабынан өлтүрүлдү
газабабалык кыска жана аянычтуу түш сыяктуу / TRT Global
28 Февраль 2025

Газада балалык кыска жана аянычтуу  түш сыяктуу

 Тогуз жаштагы Зейна Аль  - Гул  Аль -  Шати качкындар лагериндеги бир азык  - түлүк борборунан нан алып келүү үчүн жиберилген ал балдардын бири эле. Бул ылдам жана дайым аткарылган бир  иш эле бирок 27 -  октябрда атасы менен бирге БУУнун башкаруусундагы мектепте кезекте күтүп жаткан кезде Израиль абадан кол салды. Зейна ошол замат  каза болду.

Атасы аман калды, бирок оор абалда жатат. Ал күнү лагерде сегиз палестиналык, анын ичинде үч журналист каза тапты.

 “Көз алдымда Израиль ракеталары балдарды өлтүрүүдө. Мен өзүмдү абдан жаман сезип жатам,” – дейт Зейнанын тууганы жана палестиналык акын Юсри Аль-Гуль. Ал Зейна жөнүндө кайгыруу жана коркуу менен сөз кылды, анын сөздөрү  аесуз кыйратууну жасоо үчүн калган бир гана курал сыяктуу.

 Зейна да  көптөгөн адамдар сыяктуу ал мектепке баш калкалап, бомбаларга толгон бир шаарда  аман калууга аракет кылып жаткан.  Бир убактар үй  -  бүлөлөр жашаган көчөлөр эми токтоп калган турмуштун күбөсү.

 «Газада бала деген түшүнүк жок»,- деп билдирет Сара TRT World каналына. Сара төрт жолу үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Акыркы жолу Түндүк Газадан түштүккө качкан. Бул жерде турмуштун негизги элементтери болгон азык  - түлүк, суу, коопсуздук  баары чектелген жана өтө аз.

 «Берилген тамак  - аш абдан аз. Бир табак сунганда сизге гана жете турганчалык беришет. Ар бир үй – бүлө мүчөсү өзү барып тамак алганга мажбур»,- дейт ал. Үй -  бүлөлөр балдарын жардам борборлорунан тамак  - аш жана суу алып келүүгө жөнөтүп көнүп калышкан. Согуштун  катаал шарттары энелерди убактылуу баш калкалоочу жайларда калууга аргасыз кылууда.

 Бул жерде балалык деген түшүнүк согуш менен жок кылынды. “Билим берүү жок, дары  - дармек жок, медициналык тейлөө жок, туруктуу тамак-аш менен камсыздоо жок. Балдардын 50 пайызы акча табуу үчүн иштеп жатышат»,- дейт Сара.

 Көчөлөрдө  аттар менен эшектерди араң башкарган жаш балдардын кичинекей колдору үчүн өтө оор болгон иштерди аткарып жашоо үчүн күрөшүп жаткандыгын айтты.  

 Эл аралык коомчулукка : «Үнсүздүгүңөр кылмыш өнөктөштүгү»,- деген Юсринин сөздөрү бүткүл дүйнөнү бутага алуу ошондой эле бир жалбаруу жана айыптоо сыяктуу.

 Израилдин Түндүк Газадан палестиналыктарды сүрүп чыгаруу аракеттери токтобой жатат. Качкындар баш калкалаган мектептерге чабуул жасалып, алардын ичиндеги адамдар кайрадан көчүүгө аргасыз болушууда.

 Юсри : «Аль – Шатиден Жебалгияга көчүп, түндүккө карай бардым бирок Израиль үй – бүлөм жашап жаткан Аль  -  Шатини курчоого ала баштады. Ал жерде менин үй  - бүлөм калган»,- деди.

 Кыйроолорго карата  каршылык көрсөтүү керектигин айтып :  “Мен башкаларды калууга үндөө үчүн кайтып келдим. Израилдин пландары ишке ашпайт жана  биз эркиндикке жетишебиз”,- дейт.

 Азырынча  Газадагы балдар аялуу жашоодо жашап жатышат. Бул жерде балалык аман калууга алмаштырылгандай жана Газада тирүү калуу  – баарын талап кылат.

 Газанын түндүгүнө жардам керек

 Газанын түндүгүндөгү шарттар чоң бир апаат. Абадан, кургактыктан жасалган кол салуулар жана блокада, гуманитардык жардам коридорлору жабык болгондуктан адамдардын тирүү калуусү үчүн абдан аз мүмкүнчүлүк калтырды. Октябрь айынын башынан бери тамак  - аш жеткирилген жок.

 26 - октябрда Израиль күчтөрү Камал Адван ооруканасына чабуул жасап, бейтаптарды жана медициналык кызматкерлерди тамак-аш жана суусуз калтырды.

 БУУнун гуманитардык жардам боюнча башчысы Жойс Мсуя Газадагы оор абал тууралуу :  “Ооруканаларга сокку урулуп, медициналык кызматкерлер камалып жатат”,- деп билдирди.

 Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму бомбалоолордун айынан эл көп болгон ооруканаларда “катастрофалык” саламаттык кризиси тууралуу эскертүүдө. Керектүү жабдуулар жок болгондуктан, алдын алууга мүмкүн болгон өлүмдөр да көбөйүүдө жана  саламаттыкты сактоо шарттары  начарлоодо.

 Блокаданын айынан полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясы сыяктуу  элдин саламаттыгы сыяктуу негизги  демилгелерди  токтотуп эпидемиялык оорулардын чыгуу коркунучун күчөтүүдө.

 БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш “өлүм жана кыйроонун коркунучтуу деңгээлге” келгендгин билдирип, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана  жарандарга жасалган чабуулдарды айыптады.

 

 Көчүрүү кампаниясы

 Юсринин айтымында, Түндүк Газадагы зомбулук   Израилдин палестиналыктарды өз жерлеринен сүрүп чыгаруу аракетинин бир бөлүгү.

 Сентябрь айында  Израилдин мурдагы генералы Гиора Эйланд түндүк Газадагы калкты көчүрүү үчүн “ачкачылык” стратегиясын сунуштаган.

 Расмий эмес болсо да, мындай чаралардын таасири барган сайын айкын болууда. Израилдин көзөмөлдөө пункттары кыймылдарды чектеп, адамдардын коопсуз жерлерге баруусуна тоскоол болууда. Качууга аракет кылгандар да жолдо өлүмгө дуушар болуу коркунучу менен бетме  - бет келүүдө.

 Көптөгөн палестиналыктар үчүн кетүү тандоо жолу эмес; алар кетсе, кайра кайтып келе албагандан коркушат. Юсри жана башкалар шарттар барган сайын кооптуу болуп баратса да мажбурлоо менен көчүрүүгө каршы турууда чечкиндүү.

 Газа эли курчоодо, кол салуулар астында жашоого   аракет кылууда. Юсри дүйнөнү аракетке өтүүгө чакырып : “Аракетке өтүүнүн, колдоо көрсөтүүнүн, өлтүрүүлөрдү токтотууну талап кылуунун убактысы келди” – деди.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду