САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Иран АКШ аскерлерин кармап алганын билдирди, АКШ болсо муну четке кагууда
АКШнын Борбордук командачылыгы Иран америкалык аскерлерди барымтага алды деген айтымдар «жалган» экенин билдирди.
Иран АКШ аскерлерин кармап алганын билдирди, АКШ болсо муну четке кагууда
Согуш кеңири жайылган аймактык туруксуздукка жана Тегерандын аймак боюнча АКШ менен байланышы бар объектилерге жооп кайтаруу чабуулдарына алып келди. / AP
 

яИрандын коопсуздук кызматынын жогорку кызматкери Али Ларижани америкалык аскерлер туткунга алынганын айтып, Вашингтонду окуяны жашырууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Ишемби күнү X платформасындагы билдирүүсүндө Ларижани: «Мага бир нече америкалык аскер туткунга алынганы тууралуу маалымат берилди. Бирок, америкалыктар алардын согушта каза болгонун айтышууда», - деп билдирди.

Ал кошумчалап: «Алардын пайдасыз аракеттерине карабастан, алар чындыкты көпкө жашыра алышпайт»,-деди.

АКШнын аскерлери бул дооматты тез арада четке кагып, бир дагы америкалык аскер туткунга алынбаганын билдирди.

АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) өкүлү Al Jazeera телеканалына Ирандын дооматтары жалган экенин айтты.

Өкүл: «Иран режиминин америкалык аскерлерди туткунга алуу жөнүндөгү дооматтары режимдин калпынын жана алдамчылыгынын дагы бир мисалы», - деди.

АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга каршы биргелешкен аба соккуларын баштагандан бери аймактык чыңалуу тездик менен күчөдү. Кол салууларда миңден ашык адам, анын ичинде жогорку лидер Али Хаменеи, 150дөн ашык мектеп окуучусу жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери каза болду.

Согуш аймакта кеңири жайылган туруксуздукка алып келди, ал эми Тегеран аймак боюнча АКШ менен байланышкан буталарга каршы жооп кайтаруу чабуулдарын баштады.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди