ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Медведев: Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган аймак түзүлсө, НАТО - Россия кагылышы чыгат
Россиянын мурдагы президентинин айтымында, Москва Россиянын тоңдурулган активдерин конфискациялоого аракет кылган Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн артынан "түбөлүккө" түшмөкчү.
Медведев: Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган аймак түзүлсө, НАТО - Россия кагылышы чыгат
/ Reuters

Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган аймак түзүү Москва менен НАТОнун ортосунда согушту билдирерин айтты.

Медведев Telegram каналында билдирүү жасап, өткөн аптада Польшага дрондордун киришинен кийин НАТОнун чыгыш канатындагы союздаштарын коргоо үчүн башталган жаңы демилгеси болгон "Чыгыш күзөтү" (Eastern Sentry) тууралуу айтып, бул демилгенин “күлкүлүү” экенин билдирди.

Медведев: "Бирок Украинанын үстүнөн "учууга тыюу салынган аймак" түзүү жана НАТО өлкөлөрүнүн биздин учкучсуз учактарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу чагымчыл идеяны ишке ашыруу бир гана нерсени билдирет - НАТО менен Россиянын ортосундагы согушту", - деди.

Батыштагы тоңдурулган орус активдерин Украинанын аскердик күчүн арттыруу үчүн колдонуу идеясы тууралуу комментарий берген Медведев, эгерде бул активдер конфискацияланса, Москва Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдү "түбөлүккө" куугунтуктай турганын билдирди.

Өлкөнүн президенттик да, премьер-министрлик кызматтарын да аткарган Медведев Россиянын муну "бардык мүмкүн болгон жолдор менен" жана "бардык эл аралык жана улуттук соттордо" жасай турганын билдирди. "Алйрым учурларда юридикалык жолдордон тышкары," - деген Медведев, бул тууралуу кененирээк маалымат берген жок.

НАТО жума күнү жасаган билдирүүсүндө, Куралдуу Күчтөрдүн Операциялар боюнча командирлиги (ACO) НАТОнун чыгыш канатында "Чыгыш күзөтү операциясын" жүргүзөрүн жарыялады. Бул операциянын максаты "бардык союздаштарды коргоо жана коргонуу позициясын андан ары бекемдөөнү” көздөйт.

Билдирүүдө: "Жакынкы күндөрдө башталып, мөөнөтү белгисиз болгон бул көп тармактуу иш-чара, аба мейкиндигин бузууларга, өзгөчө 10-сентябрда Польшанын аба мейкиндигин бузган көп сандаган Россиянын дрондоруна жооп катары ишке ашырылат", - деп айтылды.

Россия Польшанын аймагын бутага алуу ниети жок экенин билдирип, ал күнү болгон чабуулдар Украинанын батышындагы Киевдин аскердик-өнөр жай комплексине багытталганын айтты.

Жекшемби күнү Украинанын президенттик кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Польшага дрондордун кирүүсү өлкөсүнүн үстүнөн учууга тыюу салынган аймак түзүү зарылдыгын далилдеди деп билдирип :"Бул биз үчүн гана эмес, бардык коңшулар үчүн да коргоо болот," - деп кошумчалады.

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский дүйшөмбү күнү эртең менен Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитине берген маегинде бул демилгени жеке өзү колдой турганын билдирип, бул идеянын АКШнын мурадыг президенти Жо Байден Ак үйдө турганда, бир жыл мурун талкууланганын айтты.

Иликте
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө