ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Куба жана Колумбия АКШнын Венесуэлага карата жасаган чабуулдарыy айыптады
Латын Америка лидерлери АКШнын Венесуэаладагы аскердик аракеттерине каршы чыгышты.
Куба жана Колумбия АКШнын Венесуэлага карата жасаган чабуулдарыy айыптады
Каракаста АКШ президенти Трамп менен Венесуэланын президенти Мадуронун ортосунда чыңалуу күчөп турган учурда жарылуулар болуп, электр жарыгы өчүрүлдү. / Reuters

Куба жана Колумбиянын лидерлери ишемби күнү Венесуэлада болгондугу кабарланган АКШнын аскердик кол салууларына катуу каршылык көрсөтүштү.

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель X платформасындагы билдирүүсүндө: «Куба Венесуэлага карата жасалган АКШнын чабуулун айыптайт жана эл аралык коомчулуктан тез арада чара көрүүнү күтөт», — деди. Диас-Канель аймактын «аёосуз чабуулга кабылганын» белгилеп, муну «эр жүрөк Венесуэла элине жана биздин Америкабызга каршы жасалган мамлекеттик террор» деп атады.

Колумбиянын президенти Густаво Петро болсо Венесуэладагы жардыруулар жана адаттан тыш аба кыймылдары тууралуу кабарлардын чыңалууну күчөтүп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Петро жарандык калкты коркунучка салган же кырдаалды начарлаткан «ар кандай бир тараптуу аскердик аракеттерди» четке кага турганын айтты.

Венесуэла жетекчилиги АКШны Каракас жана башка шаарлардагы жарандык жана аскердик объектилерге кол салуу менен айыптады. Америкалык жетекчилерге таянган Fox News каналынын кабарында АКШ армиясынын Венесуэлага чабуул жасаганы айтылып, Вашингтондон азырынча расмий тастыктоо келе элек.

Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Хиль өлкөнүн «оор аскердик кол салууну четке какканын, айыптай турганын жана наалаттаганын» билдирди. Президент Николас Мадуро болсо өлкө боюнча «Тышкы булактуу кооптуу кырдаал» жарыялаган жарлыкка кол коюп, аны ишке ашырууну буйрук кылды.

Иликте
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
Фидан: АКШ менен Иранга сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштайбыз
Улуттук коргоо министрлиги: Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз
Президент Эрдоган Түрк Кызылайынын түптөлгөнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды
Окумуштуулар Австралиянын жээгинен дүйнөдөгү эң чоң киттер көмүлгөн жерди табышты