САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Пезешкиан: «Иран АКШ, Израиль жана Европа менен «ар тараптуу согушта» жүрөт»
Ирандын лидери АКШ, Израиль жана айрым Европа өлкөлөрүн Ирандын кулашын колдоп жатат деп айыптады.
Пезешкиан: «Иран АКШ, Израиль жана Европа менен «ар тараптуу согушта» жүрөт»
АКШнын аскерлери Ирандын үч ири өзөктүк объектисине сокку урду. / AP
 

Ирандын президенти Масуд Пазешкиан Иран АКШ, Израиль жана Европа менен "ар тараптуу согушуп" жатканын айтты.

Ишемби күнү жогорку лидер Али Хаменеинин расмий сайтында жарыяланган маегинде Пазешкиан: "Биз АКШ, Израиль жана Европа менен ар тараптуу согуштабыз", - деп билдирди.

Ал: "Бул согуш 1980-1988-жылдардагы Ирак согушунан да кооптуу, татаал жана кыйыныраак",-деп кошумчалады.

Иран лидери АКШ, Израиль жана айрым Европа өлкөлөрүн Ирандын кулашын колдоп жатат деп айыптады.

"Ирак согушу учурунда кырдаал айкын болчу: алар ракеталарды учуруп жатышкан, биз кайда сокку уруу керектигин билчүбүз. Бирок бүгүн алар бизди ар тараптан курчап, бизге кысым көрсөтүп, соодабызга тоскоолдук кылып, коомдун ар кандай тармактарында коомчулуктун күтүүлөрүн күчөтүп жатышат", - деди ал.

Июнь айында Израиль менен болгон 12 күндүк согуш учурунда АКШнын аскердик күчтөрү Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахан сыяктуу үч ири өзөктүк объектисине бункер-бастер бомбаларын колдонуп кол салышкан.

Чабуулдар Израиль Иранга каршы чабуул баштагандан бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин болду, анда жогорку даражалуу аскер командирлери жана өзөктүк илимпоздор өлтүрүлүп, бир нече өзөктүк объектилер бутага алынган.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди