ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган БУУнун Климаттык саммитинде: Түркиянын жаңылануучу энергия үлүшү 60%дан ашты
Түркиянын президенти Түркиянын климаттык саясаты энергетика, өнөр жай, курулуш, транспорт, калдыктар, айыл чарба жана токой чарбасына негизделгенин билдирди.
Эрдоган БУУнун Климаттык саммитинде: Түркиянын жаңылануучу энергия үлүшү 60%дан ашты
Эрдоган 2026-жылы Түркия COP31 саммитин өткөрө алат деген үмүтүн билдирди. / AA
 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын быйылкы жылга карата жалпы орнотулган кубаттуулуктун ичиндеги кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн 60 пайыздан ашык деңгээлге көтөргөндүгүн билдирди.

«Кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүп, энергиянын натыйжалуулугун жакшыртуу менен бирге, өнөр жайда аз көмүртектүү технологияларды кеңейтип жатабыз. Быйылкы жылга карата кайра жаралуучу энергиянын жалпы орнотулган кубаттуулуктагы үлүшүн 60 пайыздан ашык деңгээлге жеткирдик», – деди президент Режеп ТаййипЭрдоган Нью-Йоркто өткөн БУУнун Климаттык саммитинде.

Президент инфраструктураны чыңдоо аракеттерине токтолуп, электр унааларын өндүрүү жана темир жол тармагына инвестиция салуу иштерине көңүлдөрдү бурду.

«2053-жылга карата таза нөл эмиссия максатыбызга ылайык, негизги секторлорду өзгөртүүнү улантабыз», – деп кошумчалады.

Эрдоган Түркиянын учурдагы демилгелерин, анын ичинде эмиссиялар менен соода жүргүзүү системасын түзүү, жашыл каржылоо стратегиясын ишке ашыруу жана улуттук жашыл таксономияны түзүү пландары тууралуу кенен билдирди.

Эрдоган :«Экономикада ишке ашырылуучу саясаттар аркылуу биз 2035-жылга чейин эмиссияны 466 миллион тоннага кыскартууну жана эмиссияны 643 миллион тоннага түшүрүүнү көздөп жатабыз», – деди.

Президент Түркиянын 2026-жылы COP31 саммитин өткөрүүнү максат кылгандарын да билдирди.

Иликте
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди