Орусия Кытай жараандарына 30 күндүк визасыз келүүгө уруксат берди
Орусиянын президенти Путин кол койгон жарлыкка ылайык, визасыз жүрүү укугу 2026-жылдын 14-сентябрына чейин жарактуу болот.
Орусия президенти Владимир Путин кээ бир категориядагы кытай жарандары үчүн 30 күнгө чейинки мөөнөттө Орусияга визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.
Жарлык дүйшөмбү күнү өкмөттүн порталына жарыяланды жана ишкердик, туризм же илимий, маданий жана спорттук иш-чараларга катышуу максатында келе турган кытай жарандарына визасыз кирүүнү карайт.
Жарлыктын текстинде бул чара 2026-жылдын 14-сентябрына чейин күчүндө болору айтылып, жумушка же билим алууга келе жаткан адамдар сыяктуу кээ бир категорияларга тиешелүү эместиги белгиленген.
Сентябрда Кытай 2025-жылдын 15-сентябрынан 2026-жылдын 14-сентябрына чейин орусиялык жарандар үчүн визасыз режим кирерин жарыялаган эле.
Путин Кытайдын визасыз кадамын мактады
Айтынгандай, бул айдын башында Москвада Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен жолукканда Путин Пекиндеги чечим орус жана кытай элдеринин ортосундагы байланыштарды күчөтүүгө шарт түзөрүн жана Орусияда да окшош ченемдеги чечимдер "жакында эле" күчүнө кирээрин билдирген.
Путин ошондой эле: 'Менин оюмча, бул экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өтө маанилүү натыйжаларды береринен күмөн санабайм. Бул биздин мамилелердин өнүгүшүнө позитивдүү түрткү болот', — деп кошумчалады.
Бул кабардан кийин кытайлык саякат платформаларында Орусияга авиабилет издөө суроо-талаптары кескин көбөйдү: Флигги платформасында издөө бир күндүк көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге жакын өскөн.
Платформалардын маалыматы боюнча кытай саякатчылар эң көп кызыкчылык көрсөткөн орус шаарлары — Москва, Мурманск, Санкт-Петербург, Владивосток жана Иркутск.
Башка бир кытайлык платформа Tongcheng Travel дагы мындай жарыяланган соң Орусияга байланыштуу издөө көрсөткүчтөрү эки эседен көпкө көбөйгөнүн кабарлаган.