Орусия Кытай жараандарына 30 күндүк визасыз келүүгө уруксат берди
САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Орусия Кытай жараандарына 30 күндүк визасыз келүүгө уруксат бердиОрусиянын президенти Путин кол койгон жарлыкка ылайык, визасыз жүрүү укугу 2026-жылдын 14-сентябрына чейин жарактуу болот.
Бул чара 2026-жылдын 14-сентябрына чейин күчүндө калат, деп жарлыкта айтылат. / Reuters

Орусия президенти Владимир Путин кээ бир категориядагы кытай жарандары үчүн 30 күнгө чейинки мөөнөттө Орусияга визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.

Жарлык дүйшөмбү күнү өкмөттүн порталына жарыяланды жана ишкердик, туризм же илимий, маданий жана спорттук иш-чараларга катышуу максатында келе турган кытай жарандарына визасыз кирүүнү карайт.

Жарлыктын текстинде бул чара 2026-жылдын 14-сентябрына чейин күчүндө болору айтылып, жумушка же билим алууга келе жаткан адамдар сыяктуу кээ бир категорияларга тиешелүү эместиги белгиленген.

Сентябрда Кытай 2025-жылдын 15-сентябрынан 2026-жылдын 14-сентябрына чейин орусиялык жарандар үчүн визасыз режим кирерин жарыялаган эле.

Путин Кытайдын визасыз кадамын мактады

Айтынгандай, бул айдын башында Москвада Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен жолукканда Путин Пекиндеги чечим орус жана кытай элдеринин ортосундагы байланыштарды күчөтүүгө шарт түзөрүн жана Орусияда да окшош ченемдеги чечимдер "жакында эле" күчүнө кирээрин билдирген.

Путин ошондой эле: 'Менин оюмча, бул экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өтө маанилүү натыйжаларды береринен күмөн санабайм. Бул биздин мамилелердин өнүгүшүнө позитивдүү түрткү болот', — деп кошумчалады.

Бул кабардан кийин кытайлык саякат платформаларында Орусияга авиабилет издөө суроо-талаптары кескин көбөйдү: Флигги платформасында издөө бир күндүк көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге жакын өскөн.

Платформалардын маалыматы боюнча кытай саякатчылар эң көп кызыкчылык көрсөткөн орус шаарлары — Москва, Мурманск, Санкт-Петербург, Владивосток жана Иркутск.

Башка бир кытайлык платформа Tongcheng Travel дагы мындай жарыяланган соң Орусияга байланыштуу издөө көрсөткүчтөрү эки эседен көпкө көбөйгөнүн кабарлаган.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт