САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Орусиянын Украинага чабуулу: Каза болгондор,жаркат алгандар жана өкмөттүк имаратта кыйроо бар
Орусия Киевге бир катар дрон жана ракеталар менен чабуулдарды жасап, кеминде эки адам каза таап, 15 киши жарадар болду. Чабуулдар өкмөттүк жана турак-жай имараттарын бутага алганы кабарланууда.
Орусиянын Украинага чабуулу: Каза болгондор,жаркат алгандар жана өкмөттүк имаратта кыйроо бар
Украин бийликтери соккудан улам каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин тастыкташты. / AP

Жекшемби күнү Орусиянын дрон жана ракета чабуулу Украинанын борбору Киевде кеминде эки адамдын өмүрүн алып, өкмөттүк маанилүү имараттын чатырынан түтүн көтөрүлдү.

Associated Press агенттигинин кабарчылары Киевдин Министрлер Кабинетинин имаратынын үстүнөн түтүн көтөрүлгөнүн көрүшкөн.

Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко согуш учурунда биринчи жолу “душмандын соккусу” украин өкмөтүнүн негизги имаратына зыян келтиргенин билдирди.

“Өрт өчүрүүчүлөр украин өкмөтүнүн имаратындагы өрттү өчүрүү үчүн иштеп жатышат”, - деди ал.

Буга чейин Орусия борбордун өкмөттүк имараттарын бутага албай келген. Бул имаратта Украинанын Министрлер Кабинети, анын ичинде министрлердин кеңселери жайгашкан.

Полиция бул аймакка кирүүнү чектеп, өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаалары келген. Украинанын расмий өкүлдөрү чабуулда эки адам каза болуп, 15 адам жаракат алганын билдиришти.

Каза болгондордун арасында бир жаштагы бала да бар экени, анын сөөгү куткаруучулар тарабынан урандылардан табылганын Киев шаарынын администрация башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, орус дрондорунун калдыктары Святошинский районундагы тогуз кабаттуу турак үйгө жана Дарницкий районундагы төрт кабаттуу турак үйгө да тийген.

Жекшемби күнкү чабуул акыркы эки жуманын ичинде Киевге жасалган экинчи массалык дрон жана ракета чабуулу болуп калды. Бул аралыкта тынчтык сүйлөшүүлөрүнө болгон үмүттөр дагы солгундап жатат.

Ошол эле учурда, Украинанын учкучсуз учуучу аппарат күчтөрүнүн командачысы Роберт Бровди жекшемби күнү Орусиянын Брянск аймагындагы “Достук” мунай түтүгүнө чабуул жасалганын билдирди.

Бровди Telegram каналында бул түтүккө “комплекстүү өрттүк зыян” келтирилгенин жазды.

Бул транзиттик түтүк Орусиянын мунайын Венгрия жана Словакияга жеткирүү үчүн колдонулат.

ТийиштүүTRT World - Hungary, Slovakia press EU to act over Ukraine’s Druzhba pipeline attacks

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү