ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Лавров Россиянын Украина тууралуу келишим түзүүгө даяр экендигин айтты
Россиянын тышкы иштер министри : «Азыр да тактоону талап кылган конкреттүү пункттар бар жана биз учурда алар менен алек болуп жатабыз", - деди.
Лавров Россиянын Украина тууралуу келишим түзүүгө даяр экендигин айтты
25 Апрель 2025

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Ларов бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Москванын Украинада улантып жаткан согушу  тууралуу келишим түзүүгө даяр экендигин айтты. Лавровдун билдирүүсү АКШнын президенти Дональд Трамптын Россиянын президенти Владимир Путинге кол салууларды токтотуу боюнча чакыруусунан кийин келди.  Трамптын бул чакыруусу Киевге карата көптөгөн айлардан бери жасалып жаткан кандуу кол салуулардан кийин аз болгон сын катары көңүлдөрдү бурду.

Лавров CBS News телеканалына берген маегинде: «Биз макулдашууга даярбыз, бирок азыр да иштеп чыгылуусу керек болгон конкреттүү жагдайлар бар жана биз алар менен алектенүүдөбүз», - деди.

Трамптын өкүлү Стив Уиткофф жума күнү Россияга барып, Путин менен ок атышууну токтотуу боюнча дагы бир сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө. Лавров сүйлөшүү процессинин туура багытта жүрүп жатканын жана Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн улантыларын айтты.

Лавров АКШнын президентинин “бул кырдаалдын негизги себептерин чечүү зарылдыгын түшүнгөн бир гана лидер болушу мүмкүн экендигин” айтты, бирок Трамптын келишимдин элементтерин ачыкча белгилебегендигин” да сөздөрүнө кошумчалады.

Трамп бейшемби күнү эртең менен Киевге жасалган ракета жана дрондор менен жасалган кол салуулардан кийин Путинге түз кайрылуу жасады. Бул кол салууларда кеминде 12 адам каза болуп, ондогон жаран жабыркады. Бул акыркы айларда Россиянын абадан кол салууларынын бир бөлүгү болуп, Трамптын кан төгүүнү тез арада токтотуу аракетине каршы келген көрүнүш болду.

Трамп социалдык медиадагы билдирүүсүндө : “Россиянын кол салууларына нааразымын. Бул кол салуулардын кереги жок жана убактысы туура эмес. Владимир, ТОКТОТ!” - деди. Россияны колдогондугу айтылган Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди көп жолу сынга алган.

Журналисттердин Москванын согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө кандай жеңилдиктерди сунуштаганы тууралуу суроосуна: “ “Бүтүндөй өлкөнү басып алуудан баш тартуу абдан чоң жеңилдик,” - деп жооп берди Трамп.

Россия 2022-жылы Украинага кеңири масштабдуу басып кирүү менен өлкөнү бир нече күндүн ичинде басып алууну көздөгөн, бирок ошондон бери эки тарап үчүн тең чоң жоготууларга алып келген кандуу согуштук туңгуюкка кептелди.

Крым маселеси

Зеленский акыркы кол салуулардан кийин Түштүк Африкадагы сапарын токтотуп Киевге кайтты. Жасаган билдирүүсүндө Путинди толук жана шартсыз ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн Киевдин союздаштары жетиштүү аракет кылып жатабы деген суроо салды.

Трамп кагылышууну токтотпосо мунун кесепеттери болору тууралуу буга чейин Москваны эскерткендигин эске салган Зеленский : “Россияга карата күчтүү кысым же жаңы санкция пакеттерин көргөн жокмун”,- деди. Трамп шаршемби күнү Зеленскийди Россиянын Крым тууралуу дооматтарын таанууну четке кагып, тынчтык аракеттерине тоскоол болуу менен айыптаган. АКШнын президенти Крымдын “көптөгөн жылдар мурун жоготулгандыгын” айткан.

Москва Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялаган. Зеленский Крым тууралуу бир суроого жооп берип : “Өнөктөштөрүбүз сунуштаган нерселердин баарын аткарып жатабыз; бирок мыйзамдарыбызга жана Конституцияга каршы келген нерселерди жасабайбыз,” - деп жооп берди.

Ал эми НАТОнун баш катчысы Марк Рютте бейшемби күнү сүйлөшүүлөрдө алдыга жылыш үчүн кадам жасоо керек болгон тарап Киев эмес, Москва экенин айтты. Рютте Трамп менен Ак үйдө жолугушкандан кийин журналисттерге: “Топ эми ачыкча эле Россиянын талаасында,” - деди.

“Уранды астынан чыгарылды”

Шаршембиге караган түнү жана бейшемби күнү эртең менен Россия Украинага кеминде 70 ракета атты жана 145 дрон учурду. Украина аба күчтөрүнүн айтымында, бул кол салуунун негизги бутасы Киев болгон.

"Саат 17:30дан (GMT 14:30) тарта Киевдин Святошинский районунда каза болгондордун саны 12ге, жаракат алгандардын саны 90го жетти", — деп билдирди Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы. Мекеме өзгөчө Россиянын ракеталык отун жана порохторду чыгарган объектилер менен бирге Украинанын коргонуу өнөр жайын бутага алып жаткандыгын билдирди.

Лавров кол салуулар тууралуу суроого жооп берип, CBS News телеканалына: "Биз аскердик буталарды же аскердик максатта колдонулган жарандык жайларды гана бутага алып жатабыз. Эгерде бул украиналык аскерлер колдонгон объект болсо, коргоо министрлиги жана ал жердеги командирлердин аны бутага алуу укугу бар”,- деди.

Украина үч жылдан бери Россиянын абадан жасалган кол салууларына кабылууда бирок абадан коргонуу системалары башка шаарларга караганда бекем болгон Киевге карата кол салуулар аз кездешет.

Украинанын лидери Зеленский Россиянын кол салууларда Түндүк Кореяда жасалган баллистикалык ракетаны колдонгондугун айтты. Киевде жашаган 33 жаштагы юрист Олена Давидюк AFP агенттигине берген билдирүүсүндө терезелердин сынганын, эшиктердин "илмектеринен чыгып кеткенин" көргөнүн айтып: “Адамдар урандылардын астынан чыгарылып жатты”,- деди.

Зеленский Киевге карата кол салуулардан кийин орус күчтөрүнүн бейшемби күнү Укриана позицияларына да кол салгандыгын айтты. Зеленский X платформасындагы билдирүүсүндө: «Негизи орустар чоң кол салуудан пайдаланып, чабуулга өтүүгө аракет кылышты. Күчтөрүбүздүн көпчүлүгү ракета жана дрон менен жасалган кол салуулардан коргонуу аракет кылса, орустар кургактыктагы кол салууларын күчөттү”,- деди.

Иликте
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт