ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эмине Эрдоган Киев саммитинде баалуулукка негизделген жалпы билим берүүгө чакырды
Эмине Эрдоган глобалдык кризистерди чечүүдө билим берүү негизги курал экенин баса белгилеп, Түркиянын гуманитардык багыттагы демилгелерине көңүлдөрдү бурду.
Эмине Эрдоган Киев саммитинде баалуулукка негизделген жалпы билим берүүгө чакырды
/ Reuters

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Киевде Украинанын биринчи айымы Елена Зеленская тарабынан уюштурулган Бешинчи Биринчи Айымдар саммитине видео кайрылуу аркылуу катышты.

“Билим дүйнөнү калыптандырат” деген темада өткөн саммитте лидерлердин жубайлары, эл аралык эксперттер жана саясатчылар билимдин туруктуулукту, тынчтыкты жана коомдук прогрессти кантип камсыз кыла аларын талкуулашты.

Ошондой эле, студенттердин, мугалимдердин жана ата-энелердин салымы менен Түркия да араларында болгон 14 өлкөдө жүргүзүлгөн "Жеке туруктуулукту, улуттук социалдык капиталды жана тынчтык маданиятын калыптандыруу куралы катары билим берүү" аттуу көп улуттуу изилдөөнүн презентациясы да болду.

Эрдоган билим берүүнү бүгүнкү күндүн кризистерине каршы эң күчтүү курал деп мүнөздөдү.

Эмине Эрдоган: "Согуш, зулумдук, ачарчылык менен күрөшкөн, жетим балдардын жана качкындардын саны тездик менен өсүп жаткан, жаратылыш ресурстары түгөнүп, жакшы кабар уккубуз келген дүйнөбүздө адамзатты кайрадан бутуна тургуза турган бир гана күч – бул билим берүү деп ишенем", - деп айтып, жума күнү берген билдирүүсүндө, "баалуулук жана адеп-ахлакка негизделген билим берүү моделдери" менен гана адилеттүү жана тең укуктуу дүйнөнү жаратууга болорун баса белгиледи.

Өзгөчө Түркиянын билим берүүдө гуманитардык принциптерге берилгендигин белгилеп, 55 өлкөдө активдүү иш алып барган Түркия Маариф Фондун инклюзивдүү жана тынчтыкка багытталган билим берүүдө алдыңкы мекеме катары көрсөттү.

"Максатыбыз – мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды билим алуу укугу менен камсыз кылуу аркылуу келечектеги дүйнөдө тең шарттарда орун алуусуна шарт түзүү”, - деген Эрдоган, программаны уюштургандарга ыраазычылык билдирип, “бардык гуманитардык кризистер аяктаган гүлдөгөн келечекте жолугушууну” каалады.

Эрдоган сөзүн :“Адамзаттын жалпы келечегине салым кошкон бул маанилүү жыйын жаңы башталыштарга себепчи болот деп ишенем,” – деп бүтүрдү.

Иликте
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш Азербайжанды куттуктады
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду