ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Германиянын канцлери: АКШ эрежелерге негизделген түзүмдөн алыстап баратат
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Вашингтондун "качпаган" жана "өзүн кемсинтпеген" союздаштарга сый көрсөтөрүн белгилеп, Европа өз күчүн көрсөтүшү керектигин билдирди.
Германиянын канцлери: АКШ эрежелерге негизделген түзүмдөн алыстап баратат
Германиянын канцлери Фридрих Мерц 2026-жылдын 16-январында Германиянын Хеддесхайм шаарындагы ХДС иш-чарасында сүйлөп жатат. / Reuters

Германиянын канцлери Фридрих Мерц жума күнкү билдирүүсүндө АКШнын эрежелерге негизделген эл аралык тартипке таянган эл аралык тартиптен; күч жана улуттук кызыкчылыктарга таянган саясатка ооп баратканын айтып Европаны өзүн көрсөтүүгө чакырды.

Мерц Хеддесхаймда өткөн Христиан-демократиялык биримдиктин (ХДБ) иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө : "Биз дүйнөдөгү эң маанилүү өнөктөшүбүздүн - жана ал дагы эле АКШ - эрежелерге негизделген тартиптен четтеп баратканын көрүп жатабыз", - деп эл аралык укукка кайрылуунун ордуна, АКШ саясатынын «толугу менен күчкө жана кызыкчылыктарга негизделген саясатка» карай багыт алганын кошумчалады.

Канцлер Европанын "башын кумга көмүү" же геосаясий бурчта жашоого аракет кылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин баса белгилеп, мындай стратегиянын ишке ашпай турганын билдирди.

Президент Дональд Трамп мезгилиндеги трансатлантикалык динамикага токтолгон Мерц администрация өз багытында ишенимдүү болууну уланта турган болсо сындоолордун пайдасыз болорун айтып, буларды кошумчалады: "Бирок (америкалыктар) биз өзүбүздү басынтсак, чегинсек, бизге карабайт; алар бизди Европада биз менен бир тилде сүйлөгөн союздаш өнөктөштөрүбүз болгондо гана сыйлашат".

Иликте
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү