Катар Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрүн саботаж кылуу үчүн акча төлөдү деген ырастоолорду четке какты

Доха : «Бул кыйратуучу согушту акырына чыгаруу үчүн тийиштүү тараптардын арасында гуманитардык жана дипломатиялык ортомчу болуу тууралуу чечкиндүүлүгүн улантууда жана Египет менен жакын кызматташуу ичинде иштеп жатат»,- деп билдирди.

Meeting of foreign ministers of Egypt, Jordan, Saudi Arabia, Qatar and UAE in Cairo to discuss Israel's genocide in Gaza [AFP File] / AFP

Катар Хамас менен Израилдин ортосунда Газада ок атышпоонун түзүлүшүнө карата Егшипет жана башка ортомчулар жүргүзгөн аракеттерди жокко чыгаруу үчүн “каржылык төлөмдөрдү” жасады деген айыптоолорду кескин түрдө  четке какты.

Катар Эл аралык медиа кеңсеси  бейшемби күнү берген маалыматында : «Айрым журналисттер жана медиа органдары тарабынан жарыяланган Катардын Египеттин же сүйлөшүүлөргө катышкан кандайдыр бир ортомчунун аракеттерин жок кылууга карата финансылык төлөмдөрдү  жасады деген ырасстоолорун Катар мамлекети кескин түрдө айыптоодо жана четке кагууда»,- деди.

"Мындай негизсиз айыптоолор ортомчулук аракеттерди саботаж кылууну жана өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бузууну каалагандардын күн тартибине гана кызмат кылат", - деп айтылды билдирүүдө.

Мындай айыптоолор  адамзаттын кайгысын жабууга жана согуштун саясатташтырылышын уланткан дезинформация  кампаниясынын жаңы өлчөмү катары каралууда.

Катар бул кыйратуучу согушту акырына чыгаруу максатында ортомчулук кызматын  адамзаттык жана дипломатиялык жоопкерчилик катары көргөндүгүн белгилеп, Египет менен бирдикте туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү жана жарандарды коргоо тууралуу аракеттерин улантып жаткандыгын белгиледи.

Билдирүүдө өзгөчө Египеттин аймактык туруктуулукту түзүү үчүн ойногон ролуна көңүл бурулуп, күнүмдүк кызматташтык аркылуу орток ортомчулук процессинин ийгиликтүү болушу  үчүн аракеттердин көрүлүп жаткандыгы белгиленди.

 ‘Катаргейт’

 Доханын билдирүүсү Израилдин маалымат каражаттарында  премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңешчилеринин Катардын  Хамас-Израиль сүйлөшүүлөрүндө  Египеттин ролуна шек келтирген маалыматтарды таратуу үчүн Катардан акча алышкан деген дооматынан кийин жасалды.

Бейшемби күнү Израиль  соту Нетаньяхунун эки кеңешчисинин камакка алуу мөөнөтүн дагы бир күнгө узартты. Кеңешчилер Жонатан Урич менен Эли Фельдштейн Катардан акча алуу жана   өлкөнүн имиджин Израиль медиасында позитивдүү көрсөтүү менен  айыпталууда.

Израилдин коомдук телеканалы KAN  Ришон-ЛеЗион Тынчтык кылмыш сотунун шектүүлөрдүн камакка алынуу   мөөнөтүн 24 саатка узарткандыгын,  полициянын жети күнгө узартуу талабынын четке кагылгандыгын билдирди.

 КАН тергөөлөрдө айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктардын аныкталганын жана шектүүлөрдүн бири сурак учурунда калп айтканын, бирок кайсынысы экендигин билдирген жок. 

Шаршемби күнү Нетаньяху кеңешчилерине карата иликтөөнү “акылга сыйбас” деп мүнөздөдү.

The Jerusalem Post гезитинин башкы редактору Звика Клейн сөз болуп жаткан бул эки  кеңешчи тууралуу суракка алынгандан кийин бейшемби күнү үй камагынан бошотулду.

Израилдин башкы прокурору Гали Бахарав-Миара тергөөнүн натыйжасында  эки журналисттин  көрсөтмө берүүгө чакырылышы мүмкүн экендигин билдирди.