САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Эрдоган Аун менен телефондук сүйлөшүүсүндө Ливанга колдоосун кайталады
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Ливандын президенти Жозеф Аун менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркия Ливандын коопсуздугун камсыз кыла турган эл аралык механизмдерди колдоого даяр экенин билдирди.
Эрдоган Аун менен телефондук сүйлөшүүсүндө Ливанга колдоосун кайталады
Эрдоган Түркия "Израилдин Ливанга карата агрессивдүү мамилесине" каршы экенин баса белгиледи. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Ливандын президенти Жозеф Аун эки тараптуу мамилелерди жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган шейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркия ар дайым Ливандын туруктуулугун жана эгемендигин жактаганын, эки өлкөнүн соода жана инвестиция жаатында чоң потенциалы бар экенин баса белгиледи.

Анкаранын Ливандын коопсуздугун колдой турган эл аралык механизмдерге катышууга ар дайым даяр экенин билдирген президент ошондой эле Түркия Ливандан кипрдик түрктөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтаган мамилени күткөнүн да айттты.

Аймактык окуяларга да токтолгон Эрдоган, Сириядагы негизги өзгөрүүлөр аймактын туруктуулугуна салым кошуусу үчүн Түркия колдоо көрсөтүүсүн уланта берерин маалымдады.

“Израилдин агрессивдүү мамилеси”

Билдирүүдө ошондой эле Эрдоган «Израилдин Ливанга карата агрессивдүү позициясын» четке какканы баса белгиленди.

Газадагы согуш учурунда бир жылдан ашык убакытка созулган кол салуулардан кийин Израиль менен Ливан 2024-жылдын ноябрында ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен. Кол салуулардан 4000ден ашык адам каза болуп, 17000 адам жаракат алды.

Ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, Израиль күчтөрү январь айында Түштүк Ливандан чыгып кетиши керек болчу, бирок бул чыгып кетүү жарым-жартылай гана болду. Израиль дагы деле беш чек ара бекетинде аскердик катышуусун сактап келет.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды