ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Непалдын жаңы премьер-министри Карки коррупция жана адилетсиздик менен күрөшүүгө убада берди
Зомбулук менен коштолгон демонстрациялардан кийин Карки жаштардын ачыктык, экономикалык адилеттүүлүк жана коррупцияга каршы күрөшүү чакырыктарын урматтоого убада берди.
Непалдын жаңы премьер-министри Карки коррупция жана адилетсиздик менен күрөшүүгө убада берди
2026-жылдын мартындагы шайлоого чейин тынчтыкта өткөрүп берүүгө убада берген Непалдын жаңы дайындалган премьер-министри Сушила Карки. / Reuters

Непалдын жаңы лидери жекшемби күнү кызматка киришип жатып, нааразычылык акциясына чыккан элдин "коррупцияны токтотуу" талабы боюнча иш алып барарын убада кылды. Бул анын мурунку премьер-министрди кызматтан кетирген "Z мууну" жаштарынын демонстрацияларынан кийин болду.

«Биз Z муунунун ой-пикирине ылайык иш алып барышыбыз керек», – деди Сушила Карки, жума күнү кызматка киришкенден кийин алгачкы жолу эл алдына чыгып сүйлөгөндө.

«Бул топтун талабы – коррупцияны токтотуу, жакшы башкаруу жана экономикалык теңдик», – деп , «Сиз жана мен бул талаптарды аткарууга чечкиндүү болушубуз керек»,-деп кошумчалады ал.

73 жаштагы мурдагы башкы сот жекшемби күнү баш аламандыктарда каза болгондорду эскерип, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен ишин баштады. Андан кийин ал өкмөттүн негизги комплекси болгон Сингха Дурбарда жолугушууларды өткөрдү. Бул жерде шейшемби күнү массалык нааразычылык акциялары учурунда бир нече имарат өрттөлгөн.

Эки күндүк нааразычылык акцияларында кеминде 72 адам каза болуп, 191 адам жаракат алганын өкмөттүн башкы катчысы Эак Нараян Арьял жекшемби күнү билдирди. Бул мурдагы 51 адам каза болду деген маалыматты жаңыртты.

Бул окуя 2008-жылы он жылдык жарандык согуштун аякташы жана монархиянын жоюлушунан берки эң чоң баш аламандык болду.

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды