ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Венесуэланын лидери Мадуро АКШ менен "олуттуу" сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр
Мадуронун билдирүүлөрү АКШнын кысымын күчөткөнүнө карабастан, диалогго ачык экени тууралуу мурунку билдирүүлөрүн кайталаган мүнөздө болду.
Венесуэланын лидери Мадуро АКШ менен "олуттуу" сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр
Мадуро кысым Венесуэланын бай жаратылыш ресурстарын көзөмөлгө алуу аракети экендигин билдирди. / Reuters / Reuters

Венесуэланын президенти Николас Мадуро жаңы жылдык маегинде өлкөсүнүн мунай секторунда АКШнын инвестицияларына ачык экенин, баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүүдө кызматташууга жана Вашингтон менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Жыл башында Мексиканын "La Jornada" гезитинде жарыяланган жана Венесуэланын мамлекеттик телеканалында көрсөтүлгөн испаниялык журналист менен болгон жылдык маегинде Мадуро: "Фактылар ачык болгондон кийин биз олуттуу сүйлөшө башташыбыз керек", - деди.

Мадуро: "Эгерде алар баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча олуттуу келишим тууралуу сүйлөшүүнү каалап жатса биз даярбыз. Эгерде алар Венесуэланын мунайын кааласа, Chevron сыяктуу АКШнын инвестицияларын каалаган убакта, каалаган жерде жана каалагандай кабыл алууга даярбыз", - деди.

Бул билдирүүлөр АКШнын президенти Дональд Трамптын санкцияларды кеңейтүүсү, аймактагы АКШнын аскердик күчтөрүн көбөйтүүсү жана Тынч океан менен Кариб деңизиндеги баңгизат аткезчилигине байланышы бар деп шектелген кемелерге 20дан ашык чабуул жасалганына карабастан, Мадуронун Трамп менен диалогго даяр экени тууралуу буга чейинки айткандарын тастыктады.

«Кынтыксыз модель»

Мадуро сөз болуп жаткан кысымдар Венесуэланын эбегейсиз зор жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөөгө багытталганын билдирди. Президент АКШнын максаты Венесуэланын жаратылыш байлыгын, биринчи кезекте мунайын, алтынын жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин басып алуу экенин айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп ушул аптада АКШнын күчтөрү Венесуэлада баңгизат аткезчилиги үчүн колдонулган деп болжолдонгон пирске сокку урганын жарыялады, бирок кол салуунун жайгашкан жери тууралуу маалымат берген жок.

Мадуро маегинде кол салууну тастыктаган жок, бирок бул маселе алдыдагы күндөрү каралышы мүмкүн экенин билдирди. Мадуро: «Элди, армияны жана полицияны бириктирген биздин улуттук коргонуу системабыз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана тынчтыгын камсыз кылды жана камсыз кылууну улантат», - деди.

Венесуэлада бийликтеги партия менен байланышта болгон бир блогдо кол салуунун Ла Гуахира жарым аралындагы жээк тилкесинин кууш тилкесинде болгондугун ортого салды.

Мадуро аймак аркылуу аткезчилик жол менен ташылган кокаиндин коңшу Колумбиядан келгенин айтып, Венесуэланын баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүүдө «кынтыксыз модель» экендигин кошумчалады.

Иликте
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү
Даниянын Копенгаген аэропортуна кайрадан бомба коркунучу тууралуу билдирүүлөр келди
Чехиянын борбору Прагада бүгүн да учактарга бомба коюлганы тууралуу билдирүү келди
Эфиопиянын Оромия аймагындагы куралдуу кол салууда 34 адам каза болду
Изилдөө: "Тынч океандагы пластик калдыктары суунун түсүн өзгөртүп жатышы мүмкүн"
Корсика аралындагы жагымсыз аба ырайынан улам эки адам унаасында каза болду
Бельгияда парламент депортация процесстери үчүн үйлөрдү тинтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды
Рубио кызматынан кетип, Ак үй үчүн талапкер болуу пландары бар деген сөздөрдү четке какты
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо