Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат

Президент Дональд Трамп конституциялык чектөөлөргө карабастан үчүнчү мөөнөткө президент болуунун жолдорун издеп жатканын билдирди.

Trump reveals he is thinking seriously about ways to extend his presidency beyond two terms. [Photo: AP] / AP

Президент Дональд Трамп жекшемби күнү берген билдирүүсүндө үчүнчү мөөнөткө президенттик үчүн жолдорду издеп жатканын жана мунун тамаша эмес экендигин айтты. Бул анын 2029-жылы экинчи мөөнөтү аяктагандан кийин кызматта калуу үчүн конституциялык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн эң ачык белгиси болду.

"Мунун жолдору бар",- деди Трамп NBC News телеканалына телефон аркылуу берген маегинде.

Ошондой эле ал: “Бул тууралуу ойлонууга азырынча эрте,” – деп кошумчалады.

1951-жылы Конституцияга киргизилген 22-өзгөртүүдө: “Эч ким эки жолудан ашык президенттик кызматка шайлана албайт,” – деп жазылган. Бул өзгөртүү Франклин Д. Рузвельт төрт жолу катары менен президент болуп шайлангандан кийин кабыл алынган.

NBCнин кабарчысы Кристен Уэлкер Трамптан үчүнчү мөөнөткө жетүүнүн бир жолу катары вице-президент Ж.Д. Вэнсти президенттикке көрсөтүп, андан кийин “башкарууну өткөрүп алуу” мүмкүнчүлүгүн сурады.

“Ооба, бул да бир жол,” – деп жооп берген Трамп : “Бирок башка жолдор да бар. Башкалары да бар”,- деди.

Уэлкер:“Башка жолдор тууралуу айтып бере аласызбы?” – деп сурады. Трамп :“Жок,” – деп жооп берди.

Трамп буга чейин да үчүнчү мөөнөткө президенттик тууралуу кээ кээде тамашалуу билдирүүлөрдү жасаган.

Январь айында: “Кайрадан талапкер болуума уруксат барбы?”,- деп сурап, бул теманы күн тартибине алып келген.