Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Түркия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.
Президент Эрдоган Түркия тарап Сауд Арабияга карата жасалган кол салууларга капаланганын билдирип, аймакта тынчтыкты, бейпилдикти жана туруктуулукту орнотуу үчүн аракеттердин көрүлүп жатканын баса белгиледи.
Президент Эрдоган Израилдин Газа тынчтык планынын экинчи этабына байланыштуу жол картасын так аткаруусу шарт экенин айтып, Түркиянын окуялардын өнүгүшүнө жакындан көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.














