САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Эрдоган менен Трамп Газага байланыштуу жыйынды "абдан жемиштүү жана абдан ийгиликтүү" деп баалашты
Эрдоган биргелешкен декларация жакында жарыялана турганын айтты, Трамп болсо мусулман лидерлери менен жолугушууларын "абдан ийгиликтүү" деп сыпаттады.
Эрдоган менен Трамп Газага байланыштуу жыйынды "абдан жемиштүү жана абдан ийгиликтүү" деп баалашты
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери менен Газа боюнча көп тараптуу жыйынга катышышты. / AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп жана мусулман лидерлери менен Газа маселеси боюнча жолугушуунун «абдан жемиштүү жана оң» өткөнүн белгилеп, жыйынтыктын пайдалуу болушуна үмүттөнөөрүн билдирди.

Нью-Йорктогу Түрк үйүнүн алдында журналисттерге берген маегинде Эрдоган: "Биз жаңы эле абдан жемиштүү жана позитивдүү жолугушууну аяктадык. Мен канааттандым. Жыйынтыгы пайдалуу болсун," — деди.

Эки лидер Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында БУУнун башкы кеңсесинде Газа боюнча аймактык жыйынга катышты.

Трамп менен өткөрүлгөн саммит тынчтыкка жана жайкын тургундарды коргоого багытталган конкреттүү кадамдарга алып келиши мүмкүнбү деген суроого Эрдоган жакында биргелешкен декларация жарыяланарын айтты. "Акыркы декларация балким жакын арада жарыяланат. Трамп жана Тамимдин [Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад аль Тани] билдирүүлөрү менен бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы такталат," — деди.

Орток көз караштар

Трамп ошондой эле журналисттерге жыйындын «абдан ийгиликтүү» өткөнүн айтып, мусулмандардын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн мамлекеттердин катышуусуна басым жасады.

"Газа боюнча абдан жакшы жолугушуу өткөрдүк" деген Трамп, "Израилден башка бардык негизги актерлор катышкан абдан ийгиликтүү жолугушуу болду. Бирок алдыда Израиль менен жолугушуу бар жана Газа темасында бир чечим таба аларыбызга ишенем. Негизги лидерлер менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрдүк",-деди.

Расмий өкүлдөр жабык эшик артында өткөн жыйындын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берген жок.

Эрдоган бул сүйлөшүүлөр палестиналыктар үчүн маанилүү жыйынтыктарды алып келет деп үмүттөнөрүн айтып, аймактык оюнчулардын катышуусу маанилүү экенин белгиледи. Трамп болсо келечектеги сүйлөшүүлөргө Израилди да кошо алаарын билдирди.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды