САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Грециядан келген кемелер Газа блокадасын бузууну максат кылган Глобалдык Сумуд флотилиясына кошулат
Грециядан чыккан кемелердин максаты Израилдин Газа блокадасын бузуу, эл аралык коомчулукту мобилизациялоо жана Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коопсуз коридордун түзүлүшүнө салым кошуу экени белгиленди.
Грециядан келген кемелер Газа блокадасын бузууну максат кылган Глобалдык Сумуд флотилиясына кошулат
Сиростогу (Греция) портто Палстинанын желегин желбиретип, Глобалдык Сабыр Флотилиясына кошулуу үчүн кеме менен жөнөгөн катышуучулар чогулушту. / AA

Грециядан чыккан кемелер Сирос аралындагы порттон Глобалдык Сумуд флотилиясына кошулуу үчүн Газага багыт алышты. Бул эл аралык масштабдагы жарандык кайыктардан турган флот Израилдин блокадасын бузуп, гуманитардык жардам жеткирүүнү максат кылууда.

«Оксигоно» кемеси толугу менен грек экипажынан турат, ал эми «Илектра» кемеси Грециядан жана башка өлкөлөрдөн келген ыктыярчыларды ташууда.

Арал боюнча колдоо иш-чаралары күнү бою өткөрүлүп, жүздөгөн адамдар портко чогулуп, экипаждардын духун көтөрүүгө аракет кылышты.

Кемелер жөнөп жатканда, эл Палестинанын желектерин желбиретип, «Газага эркиндик», «Каршылык жеңет», «Израилге жок!» деген ураандарды чакырышты.

Грециядагы «Газага марш» аттуу Палестинаны жактаган кыймылдын өкүлдөрү грек кемелеринин максаты Израилдин Газадагы блокадасын бузууга жардам берүү, эл аралык коомчулукту мобилизациялоо жана гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коопсуз коридор түзүүгө салым кошуу экенин баса белгилешти.

Бул флот Газадагы гуманитардык кырсыкты дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна коюу менен күчтүү тилектештик билдирүүсүн жөнөтүп жатканын белгилешти.

Глобалдык Сумуд флотилиясы өткөн айда Барселона (Испания) жана Генуя (Италия) шаарларынан кемелердин жөнөп кетиши менен түзүлө баштаган.

Уюштуруучулар бул миссияны Израиль тоскон жана жүргүнчүлөрү депортацияланган мурунку кайык аракеттеринен айырмаланып, болуп көрбөгөндөй иш катары баалашты.

Бул конвой өзүнүн масштабында эң чоң болуп, блокаданы бузууга жана Газадагы палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирүүгө багытталган. Израилдин айлар бою бардык өтмөктөрдү жабуусунун натыйжасында, Газада ачарчылык шарттары орун алган.

Геноцид

2023-жылдын октябрынан бери Израиль Газада 65 миңге жакын палестиналыктарды, көбүнчө аялдар менен балдарды өлтүрдү.

Геноцид учурунда, Газадагы аймактардын көбү талкаланып, дээрлик бүт калк көчүрүлдү.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык Кылмыш Соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка каршы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча ордер чыгарган.

Ошондой эле, Израилге Газадагы согушу үчүн Эл аралык Адилеттик Сотунда геноцид боюнча иш козголгон.

Иликте
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды