МАДАНИЯТ
3 мүнөт окуу
Түркия келген коноктор үчүн музейлердин иш убактысын узартууда.
Түркиядагы маданий туризм тажрыйбасын байытуу үчүн Стамбул, Анкара жана Газиантеп сыяктуу маанилүү шаарлардагы музейлер кеч сааттарга чейин ачык болот.
Түркия келген коноктор үчүн музейлердин иш убактысын узартууда.
/ AA
3 Июнь 2025

Өткөн жылы кызыгууну жараткан долбоордун алкагында, Түркия бул жайда дагы 27 музейдин жана археологиялык аймактын эшигин түнкү сааттарда зыярат кылуу үчүн ачат.

Бул демилге 2025-жылдын 1-июнунан 1-октябрына чейин улантылат, жергиликтүү жана эл аралык конокторду тарыхый, маданий эстеликтерди кечки салкын жана тынч убакытта көрүүгө чакырат.

Программа маданий туризмди өнүктүрүү максатында күндүзгү ысык убакытка альтернатива катары ыңгайлуу шарттарды сунуштайт.

Эң популярдуу жайлардын бири Измирдеги ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы Эфес шаары.

Бир убактар байыркы дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Артемида ибадатканасынын калдыктары менен таанымал Эфес ар жума шаршемби күндөн ишемби күнгө чейин саат 23:00га чейин ачык болот. Башка күндөрдө (жекшембиден шейшмби күнгө чейин) эрте менен саат 08:00дөн кечки саат 19:00гө чейин ачык болот.

Бул байыркы шаар дүйнөнүн булуң-бурчунан келген тарыхка кызыккандарды тосуп алууну улантууда.

Немрут тоосу: Байыркы королдукка көз чаптыруу

Түркиянын түштүк-чыгышында, Адыямандагы Немрут тоосуна эртең мененки саат 04:00дөн 09:00гө чейин барууга болот. Келген коноктор бул жерде күндүн чыгышын жана монументалдык айкелдерин көрө алышат.

2.150 метр бийиктикте жайгашкан бул аймак Коммагене падышасы I. Антиох тарабынан курулган эллинисттик доорго таандык монументалдык айкелдерге ээлик кылууда. Акиташ блокторунан оюлуп жасалган бул таасирдүү айкелдер чыгыш менен батыштын ортосундагы маданий көпүрөнүн символу экендиги айтылууда жана Антиохтун эллинисттик жана перс мурастарын чагылдырууда.

1987-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген бул аймак тарых ышкыбоздору үчүн кызыктуу борбор болууну улантууда.

Аспендос, Патара, Сиде кечки саат 10го чейин ачык

Анталияда популярдуу туристтик жайлар, Анталия музейи, Аланья музейи жана Некропол музейи кечки саат 10го чейин ачык болот. Байыркы Аспендос, Патара жана Сиде шаарлары да ушул убакытка чейин иштейт.

Батыш тарапта Дидимдеги Апполон ибадатканасы кечки саат 9га чейин, ал эми Бодрумдагы Суу астындагы археология музейи кечки саат 22ге чейин ачык болот. Денизлидеги байыркы Иераполис шаары болсо кечки саат 23:00гө чейин конокторду тосуп алат.

Кападокия, Галата мунарасы жылдыздуу түндөрдө

Стамбулдагы эң популярдуу музейлердин айрымдары түнкү музей программасына катышат. Алардын катарына Стамбул археология музейлери (ички экспонаттардан тышкары), Айя София тарых жана тажрыйба музейи, Түрк жана ислам искусствосу музейи кирет, бардыгы кечки саат 22ге чейин ачык болот. Галата мунарасы болсо кечки саат 23кө чейин иштейт.

Кападокияда, өзүнүн уникалдуу табигый көрүнүшү менен белгилүү болгон бул аймакта, Деринкую, Каймаклы жана Өзконак сыяктуу жер астындагы шаарлар ошондой эле Зелве-Пашабаглар ачык асман музейи кечки саат 21ге чейин ачык болот.

Анкарада болсо шаардагы эки негизги музейдин иштөө убактысы узартылат. Ататүрктүн өтүнүчү менен негизделген Анадолу цивилизациялар музейи кечки саат 21ге чейин ачык болсо Этнография музейи, бир кезде Ататүрктүн убактылуу жайы болгон жана саат 21ге чейин иштейт.

Башка маанилүү кечки ачылыштар

Халколит доорунан Рим дооруна чейинки экспонаттар сакталган Самсун археология жана этнография музейи саат 22:00гө чейин ачык болот. Газиантептеги Зеугма мозаика музейинде кеңири Рим мозаикалары жана скульптуралары сакталган жана саат 21:00гө чейин кыдырууга болот.

Шанлыурфадагы Түркиянын эң чоң жабык музейи, 10 000ге жакын экспонатты камтыйт жана кечки саат 21ге чейин ачык болот. Жакынындагы Халеплибахче мозаика музейи да кечки убакытка чейин конокторду тосуп алат.

Эрзурум музейи да түнкү музей программасына катышып, кечки саат 21ге чейин иштейт.

Бул демилге Түркия боюнча маданий туризм тажрыйбасын байытууну көздөйт жана зыяратчыларга өлкөнүн бай мурасын кечки сааттардын атмосфералык жарыгында изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Иликте
Түркиядагы Карахантепе аймагы 2025-жылдын эң маанилүү археологиялык ачылыштарынын катарына кирет
«Кандуу рождество» кыргынынында курман болгон кипрлик түрктөр Түркияда эскерилди
TRT биргелешип тарткан "Палестина 36" кинотасмасы "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" номинациясында
Атактуу кинорежиссер Роб Райнер жана  аялы Лос-Анджелестеги үйүндө каза болду
Анкарада Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөcүнүн күнү белгиленди
Дүйнөлүк түрк тили күнү: 15-декабрдагы бул таануу  жалпы мурасыбыз үчүн эмнеге абдан маанилүү?
Шанлыурфада келерки жылы TEKNOFEST технология жана авиация жарманкеси өтөт
АКШдан Түркияга Анадолу экспонаттары кайтарылды
Франция динозавр скелетин Монголияга кайтарып берди
Япония калктын 80 пайызынын арасында жасалма интеллектти колдонууну көбөйтүү планын жарыялады
Түркияда аялдарга карата зомбулукка жол берилбейт
Түрк академиясы тарабынан орток түрк алфавитинде басылып чыккан китептердин бет ачары
Түрк академиясынын 15 жылдыгы Анкарада белгиленет
Бурсанын каштан таттуусу жана Ипсала күрүчү Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч статусун алды
Түркия Ататүрктүн Салоникидеги үйүн кайра ачуу менен өзүнүн негиздөөчүсүнүн мурасын урматтайт
Египет өзүнүн чоң музейин салтанаттуу азем менен ачты
Стамбулда баштала турган 9-TRT World Forum диалогго жана адилеттүүлүккө чакырат
Адистер эскертет: Өркүндөтүлгөн ЖИ моделдери "жашоо үчүн күрөшүүгө окшош" жүрүм-турумду көрсөтөт
Осман Хамди бейдин сүрөтү аукциондо 1,5 миллион долларга сатылды
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «2-Салттуу спорт оюндары» өтүүдө