ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган Трамп менен сүйлөшүүдө Венесуэла жана Газа боюнча тынчсыздануусун билдирди
Эрдоган менен Трамп Түркия-АКШ карым - катнаштарын, коргонуу боюнча кызматташтык жана аймактык маселелерди талкуулашты.
Эрдоган Трамп менен сүйлөшүүдө Венесуэла жана Газа боюнча тынчсыздануусун билдирди
Түрк расмийлеринин айтымында, чалууда эки тараптуу мамилелер жана аймактык өнүгүүлөр талкууланды. / AA

Түрк бийликтери Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын эки тараптуу карым - катнаштарды, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулоо үчүн телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Коммуникация башкармалыгынанберилген маалыматка ылайык, эки лидер Түркия менен АКШнын ортосундагы карым - катнаштар, коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык, аймактык жана дүйнөлүк абалдар, Газа жана Венесуэла сыяктуу аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

Эрдоган буга чейин жасаган билдиүүсүндө сүйлөшүүдө Анкаранын Венесуэлага байланыштуу тынчсызданууларын билдиргенин айткан.

Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин президент Эрдоган: "АКШнын президенти Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө биз ага Түркиянын тынчсызданууларын билдирдик. Венесуэланы туруксуздукка алып барбоо керектигин баса белгиледик", - деп билдирди.

Эрдоган Түркиянын Венесуэла элине карата колдоону улантарын кошумчалады.

Эрдоган: «Түркия жана түрк эли бакубатчылык, тынчтык жана өнүгүү жолундагы изденүүлөрүндө дос Венесуэла элинин жанында болууну улантат», — деп билдирди.

Ак үй телефон сүйлөшүүсү тууралуу кенен маалымат берген жок.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү