САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Индонезия БУУнун Башкы Ассамблеясында Газага тынчтык күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди
Президент Прабово Субианто көптөгөн өлкөлөр Палестинаны таануу чечимин кабыл алып жатканда эки мамлекеттүү чечимди колдоону убада кылды.
Индонезия БУУнун Башкы Ассамблеясында Газага тынчтык күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди
Индонезия Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Газага тынчтык күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди / AFP

Индонезиянын президенти Прабово Субианто БУУнун Башкы Ассамблеясына, гуманитардык кризис тереңдеп, геноцид уланып жаткандыктан өлкөсү Газага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин айтты. «Газада уланып жаткан адам чыдагыс трагедияны эстегенде жүрөгүбүз сыздап жатат», - деди.

“Көбү аялдар жана балдардан турган миңдеген күнөөсүз адамдар өлтүрүлдү. Ачарчылык жана кыйроолор болду. Биздин көз алдыбызда гуманитардык апаат болуп жатат. Күнөөсүз жарандарга каршы жасалган бардык зордук-зомбулуктарды айыптайбыз” деди.

Субианто кагылышууну токтотуу үчүн Индонезиянын эл аралык аракеттерге катышууга даяр экенин баса белгиледи. “Биз тынчтык орнотуучу күчтөрдү камсыздоого даярбыз,” – деп өз өлкөсүнүн эки мамлекеттүү чечимге берилгендигин кайталады.

Ошондой эле ал Индонезиянын тануу темасындагы позициясын да так көрсөттү. Делегаттарга кайрылып “Эгерде Израиль Палестина мамлекетин жана анын көз карандысыздыгын тааныса Индонезия Израиль мамлекетин таанууга жана Израилдин коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр экенин билдирет” – деди.

Таануу убадасы көбөйүүдө

Бул убада БУУнун 80-сессиясында Палестинаны таануу боюнча аракеттер күчөп жаткан учурда айтылды. Бир күн мурун Улуу Британия Австралия жана Канада менен бирге Палестина мамлекетин расмий тааныганын жарыялады. Бул кадамдар Израиль жана АКШнын катуу реакциясына кабылды.

Улуу Британиянын премьер-министри Кеир Стармер жекшемби күнү жарыяланган видео билдирүүсүндө чечимди жактады. “Бул ХАМАС үчүн сыйлык эмес,” – деп айтып таануу эки мамлекеттүү чечимди кайра жандандыруу үчүн зарыл кадам экенин баса белгиледи.

Бир нече башка Европа өлкөлөрү, анын ичинде Франция, Бельгия, Мальта жана Люксембург акыркы күндөрү Палестинаны тааныганын жарыялашты жана бул кадамдарды Израилдин ондогон жылдар бою созулган оккупациясын токтотууга багытталган кеңири аракеттердин бир бөлүгү катары мүнөздөштү.

Иликте
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды