ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган «Эл аралык Кавказ конгрессине» кайрылуу жолдоду
Президент Эрдоган Кавказдын тарыхы ошол эле учурда Түркиянын да тарыхы экенин белгилеп, келечек муундар тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жашай турган, орток өткөндөн күч ала турган аймакты калтыруу жоопкерчилигин милдеттенип жатышканын билдирди.
Президент Эрдоган «Эл аралык Кавказ конгрессине» кайрылуу жолдоду
Президент Режеп Тайып Эрдоган / AA
 

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган: «Кавказдын тарыхы – биздин да тарыхыбыз. Кылымдар бою бул аймактын кайгысын да, кубанычын да бөлүштүк. Бүгүн мүнөзүбүздө ушул ортоктуу тарыхтан алган күч-кубатыбыз менен келечек муундарга тынчтык жана ишеним өкүм сүргөн аймакты калтыруу жоопкерчилиги турат», деп билдирди.

Эрдоган Эл аралык Кавказ конгрессине байланыштуу таратылган билдирүүсүндө чек арадагы Ыгдыр шаарында окумуштууларды жана катышуучуларды чогулткан конгресстин ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Баалуу пикирлери, баамдоолору, баяндамалары жана сын-пикирлери менен конгресстин мазмунун байыткан адистерге ыраазычылык билдирген Эрдоган мындай деди:

«Кавказдын тарыхы – биздин да тарыхыбыз. Кылымдар бою бул аймактын кайгысын да, кубанычын да бөлүштүк. Бүгүн ушул орток тарыхтан алган күч-кубатыбыз менен келечек муундарга тынчтык жана ишеним өкүм сүргөн аймакты калтыруу жоопкерчилиги бизде турат. Ушул түшүнүк менен Азербайжандын президенти урматтуу Илхam Алиев экөөбүз «Бир эл, эки мамлекет» ураанын Шуша декларациясы аркылуу союздаштык деңгээлине жеткирдик. Шушада, Физулиде, Лачында желбиреген Азербайжандын желеги Түркиянын да сыймыгы. Карабактагы жеңиштин кубанычын кандай бирге бөлүшсөк, Кавказдын тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн да ошондой эле бекемдик менен иштейбиз. Зангезур коридору ачылгандан кийин Азербайжандын негизги аймагы менен Нахчыванды байланыштырган транспорт инфраструктурасы бекемделип, Түркия менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы байланыш жаңы мүмкүнчүлүккө ээ болот. Жибек жолунун багыттарында жанданчу соода, күчөчү кызматташтык жана бекемделчү адамдар аралык байланыштар бүтүндөй аймакка пайда алып келерине ишенебиз».

Эрдоган Кавказ тынчтыгы туруктуу болгон, кошуналар соода жүргүзгөн жана ар бир өлкө орток жыргалчылыктан үлүш алган аймак болушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Ыгдырда жасалчу илимий топтолгон тажрыйба менен өткөрүлчү кеңешмелер орток келечекти түптөөгө салым кошот деп үмүттөнөрүн билдирди.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»