Эмине Эрдоган 15 - сентябрь күнү Катардын борбор шаары Дохада болгон Ислам кызматташтык Уюму жана Араб лигасынын кезексиз биргелешкен саммитине президент Эрдоганды коштоп барды. Саммиттин алкагында Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Танинин энеси Шейха Моза бинти Насыр менен жолугушту.
Саммитте киийн Насыр негиздеген «Баарынан жогору билим» (Education Above All) фонду «Кагылышуу аймактарында жашаган балдардын билим алуусу боюнча абдан маанилүү жыл» деген биргелешкен билдирүү даярдады.
Газа ыктыярдуусу лидерлердин жубайлары, лидерлер жана эл аралык уюмдардын жогорку башкаруучулары тарабынан кол коюлган декларация дүйнө жүзү боюнча кагылышуулардан жапа чеккен аймактарда билим берүү тармагында барган сайын күчөп бараткан кыйынчылыктардын алдында жана "Билим берүүнү кол салуулардан коргоонун эл аралык күнүн" алтынчысына карата жарыяланды.
Кризис болгон зоналардагы балдарга жана билим берүү системаларына карата уланып жаткан мыйзам бузууларды токтотуу үчүн шашылыш чара көрүүнү талап кылган декларация кагылышуу болгон аймактарда балдардын билим алуу укугуна байланыштуу байланыштуу катталган эң жаман жыл деп мүнөздөлгөн жана барган сайын оорлошуп бара жаткан абалга каршы биргелешкен позицияда туруу жана Газа башта болгон башка кагылышуу аймактарындагы гуманитардык апааттын масштабын көрсөтүүнү максат кылууда.
Лидерлердин жубайлары конфликт болгон аймактарда жашаган балдардын абалынын коркунучтуу түрдө начарлашынан терең тынчсыздануусун билдирүү үчүн чогулушту. Алар быйылкы жыл балдар үчүн өзгөчө оор жыл болгонун, анткени бул аймактарда балдар өлтүрүлгөн, ачка калган, жарадар болгон жана негизги адам укуктарынан, өзгөчө билим алуу укугунан ажыраганын айтышты.
Балдардын билим алуу укугун бутага алган ырайымсыз кол салуулардын өзгөчө Газа менен бирге Судан, Украина, Мьянма, Колумбия жана дүйнөнүн башка бир топ жеринде уланып жатканы белгиленген билдирүүдө, көп жылдардан бери келе жаткан бул эл аралык укук бузууларга басым жасалды.
Билдирүүдө Газада геноциддин уланып жатканы, кылмышкерлердин өтө маанилүү этикалык жана укуктук босогону аттап, геноцид кылмышын жасаганы, жарандардын атайылап ачкачылыкка дуушар болуп жатканы баса белгиленди. Бул кол салуунун кылмышкерлери Газадагы жарандарга, балдарга карата кол салуулар, калкты мажбурлап көчүрүү жана атайылап ачка калтыруу менен бирге «билим берүү тармагын кыйратууга», Палестинанын билим берүү системасын, китепканаларын жана университеттерин атайылап жок кылууну колго алганы белгиленди.
Бул аракеттердин Газанын интеллектуалдык, маданий жана социалдык жашоосун жок кылуу максатында жасалган атайын тактиканын бир бөлүгү экени белгиленди. Ошондой эле Газадагы кырдаалдын оордугу дүйнө жүзү боюнча таанылып, мамлекеттер менен өкмөттөр геноцидди жана эл аралык укуктун ачыктан-ачык бузулушун айыптоо жана адилеттикке чакыруу үчүн бирдиктүү кыймылга биригишкени баса белгиленди.
Декларацияга Эмине Эрдоган, Катар билим берүү фондунун президенти жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын жактоочусу Шейха Моза бинт Насыр, Босния жана Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин босняк мүчөсү Денис Бечировичтин жубайы Мирела Бецирович, Колумбиянын президентинин жубайы Вероника Алкосер Гарсиа, Гамбиянын президентинин жубайы Фатуматта Бах-Барроу, Сьерра-Леоне президентинин жубайы Фатима Маада Био, Петра улуттук фондунун президенти жана ЮНЕСКОнун Маданий мурастын ак ниет элчиси Принцесса Дана Фирас, Малайзиянын премьер-министринин жубайы Ван Азиза Исмаил, Шотландиянын мурдагы премьер-министри Хамза Юсуф кол коюшту.
Эмине Эрдогандын социалдык тармактагы билдирүүсү
Декларация тууралуу социалдык медиа аккаунтуна жазган Эмине Эрдоган төмөнкүлөргө токтолду:
«2009-жылдын 10-январында биз лидерлердин жубайлары катары Стамбулда «Аялдар Палестинада тынчтык үчүн» жолугушуусунlа чогулуп «Газага колдоо үчүн Стамбул чакырыгын» дүйнөгө жарыяладык. Бул чакыруу зулумдардын алдында тынчтыктын тили менен бириккен күчтүү бир эрктин түшүндүрүлүшү болду. 2023 - жылдын ноябрь айында Стамбулда ишке ашырган «палестина үчүн бир жүрөк лидер жубайларынын» саммитинде Палестина үчүн кайрадан бириктик. Бүгүн «Баарынан жогору билим берүү» фондунун төрайымы жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жактаган шейха Моза бинт Насырдын жетекчилиги астында жарыяланган «Кагылышуу зоналарында жашаган балдардын билим алуусу жактан маанилүү бир жылдын биргелешкен декларациясы» менен үнүбүздү ал күндөрдөгү ишеним менен дагы бир жолу үнүбүздү көтөрдүк».
Газа башта болгон бардык кризис болгон аймактардагы балдарга жана билим берүү системаларына карата уланып жаткан эреже бузууларды токтотуу үчүн шашылыш чара көрүүгө чакырышкандарын айткан Эрдоган : "Анткени билим алуу укугунан ажыратылган ар бир бала биздин келечегибиз. Биздин тилегибиз, балдардын жашоого болгон укугу ажыратылбаган, ар бир бала калем, дептер, класска ээ болгон дүйнө болушун каалайбыз. Билим берүү менен айыккан балдардын, адилеттүү келечекти курарына чын көңүлдөн ишенип, абийирдүү жүрөктөрдү бул чакырууга орток болууга чакырамын»,- деди.
Эмине Эрдогандын Газа тууралуу аракеттери
Израилдин Газа шаарына 2023 - жылы 7 - октябрдан бери улантып келе жаткан кол салууларда балдар менен аялдар да болгон 65 миңден ашуун адамдын каза болушуна үнсүз калбаган Эмине Эрдогандын демилгеси менен лидерлердин жубайлары 2025 - жылы ноябрь айында Стамбулда «Палестина үчүн бир жүрөк» деген темада саммитте жолугушуп жана бул жерден газалык күнөөсүз адамдар үчүн дүйнөгө билдирүү берген.
Газадагы бейкүнөө жарандардын өлүмүн азайтуу жана аймакка тынчтык орнотуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерге даяр экенин ырааттуу түрдө билдирген Эмине Эрдоган, Стамбулда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары жана атайын өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрдү. Жыйында бейкүнөө газалыктардын кыйынчылыктарын токтотуу жана кризисти чечүү үчүн күчтүү тилектештик көрсөтүлдү.
Эмине Эрдоган президент Эрдоган премьер - министр болуп турган кезде 2009 - жылы 10 - январда да Стамбулда «Палестинада тынчтык үчүн аялдар жыйынына» жол башчылык кылган.
Аймактык өлкөлөрдүн лидерлеринин жубайлары катышкан жыйын, Израилдин Газага кол салуулары күчөгөн жана эки жумада болжол менен 800 киши каза болгон мезгилде өткөрүлдү. Эмине Эрдоган жыйында «Газага колдоо үчүн Стамбул чакырыгын» окуп, текст жубайлар тарабынан бир добуштан жактырылган.