СПОРТ
2 мүнөт окуу
Италия-Израиль беттешинин алдында полиция Палестинаны колдогон активисттерди бутага алды
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Италиянын 3:0 эсебинде жеңишке жетишүүсүнүн алдында Удине шаарында миңдеген адамдар ФИФАдан Израилди эл аралык футболдон четтетүүнү талап кылып чыңалуу күчөдү.
Италия-Израиль беттешинин алдында полиция Палестинаны колдогон активисттерди бутага алды
Нааразылык билдиргендер ФИФАдан Израилди эл аралык мелдештерден четтетүүнү талап кылышты. / Reuters

Италиянын 2026 дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун Израилге каршы беттешинин алдында палестиналыктарды колдогон айрым демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыгып, миңдеген адам матчка нааразычылык билдирип, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Удине шаарында тынчтык жүрүшүнө чыгышты.

Дүйшөмбү күнү Газада ок атышпоо келишимине жана Израиль менен ХАМАСтын барымта алмашуусуна карабастан нааразычылык акциясына 10 миңдей демонстрант катышты. Полиция демонстранттарга каршы суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Бийликтер аймакка 1000ден ашуун полиция жана аскерлерди жайгаштырды, тик учактар ​​менен учкучсуз учуучу аппараттар ​​аймакты көзөмөлдөдү. Демонстранттар Италиянын Израилди 3-0 эсебинде жеңген I тайпасындагы беттеши ойнолгон Блунерджи стадионунан бир нече километр алыстыкта ​​кармалды.

Матчтан кийин Италиянын машыктыруучусу Женнаро Гаттузо журналисттерге: "Муну жашыруунун кереги жок. Бүгүн биз үчүн да, силер үчүн да оңой күн болгон жок. Биз ойнобой калышыбыз мүмкүн болгон күндөрдү өткөрдүк. Бул жерге майрамдык атмосфера болбой турганын билип келдик",- деди.

Израилди четтетүү талаптары

Стадиондун айланасында башаламандыктарды болтурбоо үчүн полиция посттору, бетон тосмолор жана металл издегичтер орнотулган. Жүрүш "Палестинага эркиндик" сыяктуу ураандар жана "Израилге кызыл картаны көрсөт" деген баннерлер менен тынч башталып, бирок жаңжал менен аяктады.

Демонстранттар ФИФАдан 2022-жылы Украина согушу башталгандан кийин Россияга киргизилген санкциялар сыяктуу Израилдин даэл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салууну талап кылышты. Стадиондо чогулган 10 миңдей кишинин айрымдары Израилдин гимнине каршы кыйкырышса да кол чабуулар бул үндөрдөн үстөмдүк кылды.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди