ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Ибрахим мечитиндеги Израилдин кийлигишүүсүн айыптап ыйык жерлерге сый көрсөтүүгө чакырды
Түркия Израилдин Хербон жана Газадагы аракеттерин маданий агрессия деп айыптады жана ЮНЕСКО менен глобалдык коомчулукту оккупация астындагы Палестина мурасын коргоого чакырды.
Түркия Ибрахим мечитиндеги Израилдин кийлигишүүсүн айыптап ыйык жерлерге сый көрсөтүүгө чакырды
/ AA

Түркиянын тышкы иштер министрлиги Израилдин оккупациясы астындагы Батыш Шериада Ел Халилдеги Ибрахим мечитине карата кийлигишүүсүн катуу тил менен айыптады. Министрлик бул аракеттердин ыйык жердин тарыхый жана диний статусун өзгөртүү аракети экендигин жана мунун эл аралык мыйзамдын түздөн түз бузулушу менен орток гуманитардык баалуулуктарга карата кол салуу деген мааниге келгенин баса белгиледи.

Бейшемби күнү берилген маалыматта Түркия Израилдин Палестина калкынын бийлигин басып алуу аракетин четке какканын билдирди жана ЮНЕСКО менен эл аралык коомчулукту шашылыш аракетке өтүүгө чакырды.

Министрлик Палестинанын эң ыйык жерлеринин бири болгон Ибрахим мечитинин бир гана диний эле эмес, ошол эле учурда палестиналыктар үчүн маданий мааниси бар мурас экендигин баса белгиледи.

Израилдин палестиналыктардын ыраазычылыгы болбостон жана жергиликтүү калктан алынган жерлерге жөө жүргүнчүлөр коридорун, лифттерин жана башка инфраструктурасын куруусу аймактын мүнөзүн өзгөртүү жана отурукташуучулардын көзөмөлүн жеңилдетүү максатында жасалган атайын аракет катары айыпталды.

Түркия өзгөчө Израилдин мечиттин административдик бийлигин палестиналык мекемелерден израилдик отурукташуучулардын кеңештерине өткөрүп берүү ыктымалына байланыштуу кабарлардан тынчыздангандыгын билдирди.  

Палестинанын маданий мурасаны карата уланып жаткан кол салуулар

Бул айыптоо оккупация астындагы Палестина жерлеринде документтештирилген палестиналык маданий мурастарды жок кылуу жана узурпациялоонун кеңири контекстинде белгиленди.

2023-жылдын аягынан 2024-жылдын башына чейин созулган Газадагы геноцид учурунда Израилдин аба соккулары ондогон маданий эстеликтерге олуттуу зыян келтирген же жок кылган.

 Алардын арасында аймактагы эң эски мечиттердин бири болгон Улуу Өмер мечити жана дүйнөдөгү  христиандардын эң байыркы сыйынуучу жайларынын бири болгон Ыйык Порфирий чиркөөсү бар.

Башка орду толгус жерлердин арасында  Паша сарайы жана урандыга айланган Аль-Матхаф музейи орун алды.  150 жылдан ашуун тарыхый жазуулар сакталган Газа шаарынын борбордук архиви толугу менен жок кылынды.

БУУ: Согуштук жана адамзатка каршы кылмыштар

Бириккен Улуттар Уюмунун 2025-жылдын июнь айында жарыяланган иликтөөсү Израилдин диний, билим берүү жана маданий жайларга жасаган чабуулдары согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды түзөрүн аныктады.  Териштирүү бул кол салуулардын көбүнүн аскердик негизи жок экенин жана палестиналыктардын өздүгү менен мурасын жок кылууга багытталган кеңири схеманын бир бөлүгү экенин белгиледи.

Түркия ЮНЕСКО жана БУУнун башка мекемелерин Палестинанын маданий укуктарын коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Түрк жетекчилери бул мыйзам бузуулар Палестинанын мурасына гана эмес, глобалдык адамдык баалуулуктарга да кол салуу экенин баса белгилешти. Алар эл аралык коомчулукту маданий эстеликтерди, өзгөчө кагылышуу болгон аймактарда атайылап бутага алынган жерлерди коргоо боюнча  милдеттерин аткарууга чакырышты.

Түркиянын билдирүүсүндө: «Маданий жана диний жайларды коргоо аймактык гана милдет эмес, бүткүл адамзаттык бөлүшкөн моралдык милдет. Мурастын кол салуулардын курмандыгы болушуна уруксат бербешибиз керек»,- деп билдирилди.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды