ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Фидан: "Аймагыбызда Түркия жана Азербайжан туруктуулуктун эки аралы болуп саналат"
Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан Азербайжанга болгон сапарына баа берип жатып: "Биз боордош Азербайжан менен кызматташуубузду тереңдетүүнү улантабыз жана жалпы максаттарыбызга карай ийиндешип жол тартабыз", - деп билдирди.
Фидан: "Аймагыбызда Түркия жана Азербайжан туруктуулуктун эки аралы болуп саналат"
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Бакуга сапарынын алкагында Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту. / َAA

Министр Фидан социалдык медиа баракчасына Азербайжандын борбору Бакуга болгон сапары тууралуу пост жарыялады.

Бул сапар Бакунун оккупациядан бошотулушунун 108 жылдыгына туш келгенин айткан Фидан: "Биз боордош жана союздаш Азербайжанга маанилүү сапар жасадык, дүйнөлүк көйгөйлөргө жана аймактык окуяларга карабастан Азербайжан менен ар дайым кызматташып жана тилектешип келебиз", - деди.

Фидан бардык азербайжандык расмий өкүлдөргө, айрыкча Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовго чын жүрөктөн меймандостук көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сапар учурунда Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынганын, тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен кеңири жолугушууларды өткөргөнүн билдирген министр Фидан аймактагы кризистерди карап чыгып, Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү орнотуу менен бирге Түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине байланыштуу пикир алмашкандарын айтты.

Фидан ошондой эле экономикалык жана соода мамилелерин, энергетика жана транспорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды талкуулагандарын баса белгиледи.

Министр Фидан: "Көптөгөн көйгөйлөрдүн чордону болгон аймагыбызда Түркия менен Азербайжан туруктуулуктун эки аралы позициясында турат. Биз боордош Азербайжан менен кызматташтыгыбыздын тереңдешин улантабыз жана жалпы максаттарыбызга карай ийиндешип жол тартабыз", - деди.

Иликте
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»