ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Британиянын Анкарадагы элчиси: Түркиянын Сириядагы жылыштардагы ролу "өтө маанилүү"
Улуу Британиянын Анкарадагы элчиси Жилл Морристин айтымында, Сириядагы өзгөрүүлөрдүн темпи кашылышуудан алыстап баратат жана бул "абдан шынтандыруучу".
Британиянын Анкарадагы элчиси: Түркиянын Сириядагы жылыштардагы ролу "өтө маанилүү"
Британиянын Анкарадагы элчиси: Түркиянын Сириядагы жылыштардагы ролу "өтө маанилүү" / AA
7 Ноябрь 2025

Улуу Британиянын Анкарадагы элчиси Жилл Моррис Түркиянын Сириядагы жылыштардагы ролун “өтө маанилүү” деп баалап, Британиянын “Түркиянын лидерлигине урмат көрсөтөрүн” билдирди.

Жума күнү Стамбулда өткөн Босфор саммитинде сөз сүйлөгөн Моррис Сириядагы жаңжалдан алыстоо багытындагы өзгөрүүнүн “өтө үмүттөндүрөрлүк” экенин айтты.

“Биз Сирия өкмөтүнүн саясий өткөөл мезгилге карай кадамдарын, анын ичинде кыйыр шайлоолорду өткөрүүнү кубаттайбыз,” – деген Моррис Сирия элинин ишенимине ээ болуу үчүн ачык-айкындуулук жана инклюзивдүүлүк абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Моррис “Дүйнөлүк жаңжалдар жана поляризация күчөп жаткан шартта, Европанын эки четинде жайгашкан чечкиндүү НАТО мүчөлөрү катары Улуу Британия менен Түркия биргелешип бул жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызматташуусун тереңдетип жатышат,” – деди.

Газа үчүн ‘үмүт учуру’

Газадагы гуманитардык кризиске токтолгон Моррис дүйнө жүзү “адам баласынын акылына сыйбас азаптарды алып келген кыйратуучу жаңжалга” күбө болуп жатканын айтты.

“Бирок бактыга жараша азыр биз президент Трамптын лидерлиги жана Египет менен Катар сыяктуу өлкөлөрдүн Газа тынчтык келишимин иштеп чыгуудагы баа жеткис ролунун негизинде үмүт учурунда турабыз,” – деди.

Моррис ок атышууну токтотуунун биринчи этабы палестиналыктарга “жаңжалсыз жакшыраак келечек куруу мүмкүнчүлүгүн” бергенин айтып: “Ошондуктан биз азыр бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, коопсуздук чараларын иштеп чыгышыбыз, реформаларды колдоого алышыбыз керек” деп билдирди.

Моррис Улуу Британия Газага гуманитардык жардам көрсөтүү, жарандык-аскердик координация борборуна кызматкерлерди жөнөтүү жана эл аралык коомчулук, жеке сектор менен өнөктөштүктө кайра куруу үчүн инвестицияларды мобилизациялоо аркылуу колдоо көрсөтүүгө умтулаарын айтты.

Иликте
Эфиопияда жер көчкү кырсыгынан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Трамп: АКШ Ирандын Харг аралын бомбалады
Президент Эрдоган: «Түркияны согушка тартууну көздөгөн чагымчылыктарга каршы сергек болушубуз керек»
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы: Согушка карабастан Ирандан чоң көч жок
Baykar менен Leonardo  Европада өндүрүлө турган дрондор үчүн кызматташтыкты кеңейтет
Тышкы иштер министри Фидан катарлык жана азербайжандык кесиптештери менен сүйлөштү
Израиль Газада үч палестиналыкты өлтүрүп, ок атышууну токтотуу келишимин дагы бир жолу бузду
Ирактагы май куюучу учак кырсыкка учурап, Америка экипажынын төрт мүчөсү каза болгону тастыкталды
Түрк желектүү кеме Ормуз  кысыгынан өттү
Ирандан түрк аба мейкиндигине атылган баллистикалык ракетаны НАТО жок кылды
Пакистандын премьер-министри Шариф өз өлкөсүнөн Сауд Арабияга "толук колдоону" убада кылды
Сербия Хорватия-Албания-Косово альянсына каршы даярданууда
Гутерриш: Жакынкы Чыгыш АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам орчундуу абалда
Россия дүйнөлүк энергетика рыногунун орус мунайына муктаж экенин айтууда
Президент Эрдогандан БУУнун Башкы катчысы Гутерришке "Ататүрк" эл аралык тынчтык cыйлыгы