ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Сириянын Сувейда кризисин чечүүгө багытталган жол картасын кубаттады
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Сувейда үчүн жарыяланган план аймакта тынчтыкты сактоо, ырааттуулукту камсыз кылуу жана мындан ары чыр-чатакты алдын алууну максат кылганын билдирди.
Түркия Сириянын Сувейда кризисин чечүүгө багытталган жол картасын кубаттады
/ Public domain

Тышкы иштер министрлиги Сириянын түштүгүндөгү Сувейда провинциясындагы кризисти чечүү үчүн Сирия, Иордания жана АКШ макулдашкан жол картасын кубаттады.

Министрликтин шаршемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө: «Сириянын түштүк провинцияларынын бири болгон Сувейдада тынчтыкты сактоо, ырааттуулукту орнотуу жана кагылышуулардын кайталанышына жол бербөө үчүн жарыяланган жол картасын кубаттайбыз»,-деди.

Билдирүүдө Түркиянын аймактык бүтүндүк, биримдик жана эгемендүүлүктү сыйлоо принциптерине таянып, Сириянын бардык бөлүктөрүнүн тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулукту камсыз кылуу аракеттерин колдоону уланта турганы белгиленди.

Сириянын тышкы иштер министри Асад аш-Шайбани шейшемби күнү Дамаскта Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади жана АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Том Барак менен болгон жолугушууларынан кийин жети кадамдан турган жол картасын жарыялады.

Пресс-конференцияда ал-Шайбани планга Свейдага үзгүлтүксүз гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүү, негизги кызматтарды калыбына келтирүү жана жолдорду коопсуз кылуу жана жол кыймылын жеңилдетүү үчүн жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн киргизүү камтылганын айтты.

Башка кадамдардын арасында жабырлануучуларга компенсация төлөө, жер которгон кишилердин кайра кайтусуна уруксаттын берилиши, жоголгондорду аныктоо, провинциядагы бардык коомдорду камтыган макулдашуу процессинин баштатылышы жана “жарандар менен жеке менчикке кол салууга катышкандардын бардыгын” жоопкерчиликке тартуу кирет.

Шейшемби күнкү окуя Сувейдада ок атышпоонун бекемделиши жана кагылышууга саясий чечүүчү жолдун табылышы темаларына көңүл бурган жана июль, авугст айларында Иорданияда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке ашты.

19 - июлдан бери Сувейдада ишке кирген ок атышпоо дурзи топтор менен бедеви урууларынын ортосунда бир жумага созулган куралдуу кагылышуулардан кийин Израиль аскердик кол салууларынын да таасири менен алсыздашты.

Иликте
АКШ Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүн "позитивдүү" деп мүнөздөдү
Макрондун айтымында Франция Африкада Түркия, Кытай жана АКШдан артта калууда
Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдоого убада берди
Израиль 35 миллион долларлык келишимге кол койду
Министр Фидан ТМК ТИМ башчыларынын кеңешине Түркиянын атынан катышат
Нью-Делидеги BRICS жыйыны: Иран менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык тирешүү
Россия Киевди ракета жана дрондор менен бомбалады
Эрдоган: "Каспий аркылуу өтүүчү Чыгыш-Батыш орто коридорунун мааниси күн сайын жакшы түшүнүлүүдө"
АКШ менен Кытай "конструктивдүү жана стратегиялык жактан туруктуу" мамилелер боюнча макулдашышты
Түркия БУУда Грециянын "Түрк кысыктары"  терминин колдонуусуна карата нааразычылыгын четке какты
Түркия Аль-Акса мечитине жүргүзүлгөн рейдди айыптап, чыңалуу жана туруксуздук жөнүндө эскертти
Аббас Аракчи: Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар полициянын коргоосу астында Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүштү
Президент Эрдоган Казакстанда расмий азем менен тосуп алынды
Израиль күчтөрү Кунейтра элетин бомбалап, Сирияга карата жүргүзгөн рейдде эки кишини камакка алды