ТКТР туризмди арттыруу үчүн Түрк аба жолдору жана AJet менен протоколго кол койду

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар: «Ташталган бул кадамдар менен туризм секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү да жогорулайт»,-деди.

The signing ceremony held at the presidency in the capital Lefkosa was attended by TRNC President Ersin Tatar and high-ranking officials. / AA

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) аба каттамдарын жеңилдетүү жана жеткиликтүү кылуу максатында Түркиянын улуттук авиакомпаниясы Turkish Airlines жана арзан баада кызмат көрсөткөн AJet компаниясы менен протоколго кол койду.

Борбор шаар Лефкошадагы Президенттик кеңседе өткөрүлгөн кол коюу аземине Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана көптөгөн жогорку даражалуу жетекчилер катышты.

Протоколго ТКТРнын премьер-министри Үнал Үстел менен Түрк аба жолдорунун Башкаруу кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Ахмет Болат Татардын катышуусунда кол коюлду.

Бул протоколдун алкагында ТКТРге аба каттамдарын арзандатып, билет бааларын турукташтыруу жана туристтердин агымын көбөйтүү максатында AJet компаниясы Эжкан аэропортунан Түркиянын ири шаарларына каттамдарды уюштурат.

‘Туризм тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт’

Протоколдун алкагында Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы каттамдар үчүн билет баасынын жогорку чеги 6 миң түрк лирасы деп белгиленди.

Мындан тышкары, 26-июлда Лондондо өткөн жарнамалык иш-чарадан кийин Лондон (Станстед) менен Эжкан аэропортторунун ортосундагы эки тараптуу каттамдын билет баасы 250 евро деп белгиленди.

Протоколдун ТКТР туризмине оң таасирин тийгизерин айткан Эрсин Татар, “Бул кадамдар менен туризм тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү да жогорулайт,”- деди.