ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия НАТОго кошулушунун 74 жылдыгын өсүп келе жаткан коргонуу өнөр жайы менен белгилеп жатат
Анкара Европа-Атлантикалык коопсуздук альянсындагы борбордук ролун ырастаса, НАТО да Түркияны тынымсыз коргонуу инвестициялары жана операцияларга активдүү катышуусунан улам мактады.
Түркия НАТОго кошулушунун  74 жылдыгын өсүп келе жаткан коргонуу өнөр жайы менен белгилеп жатат
Түркия НАТОго 1952-жылы, альянс 1949-жылы негизделгенден үч жыл кийин кошулган. / Reuters

Түркия шаршемби күнү НАТОго кошулушунун 74 жылдыгын белгилеп, Евро-Атлантикалык коопсуздуктагы борбордук ролун дагы бир жолу баса белгиледи.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги NSosyal социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Анкара "күчтүү армиясы, өнүккөн аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана динамикалуу коргонуу өнөр жайы менен Евро-Атлантикалык коопсуздукка маанилүү жана ар тараптуу салым кошууну улантып жатканын" билдирди.

Министрлик  Түркиянын 2026-жылдын 7-8-июлунда Анкарада НАТО саммитин өткөрөрүн жарыялап,  альянстагы маанилүү абалын баса белгиледи.

Ошол эле учурда, НАТОнун басма сөз катчысы Эллисон Харт шейшемби күнү Түркияны туруктуу өнөктөш жана жамааттык коопсуздукка баалуу салым кошкон өлкө катары мүнөздөдү.

Анадолу агенттигине берген маегинде Харт Анкаранын коргонууга туруктуу инвестицияларын жана НАТОнун миссияларына, машыгууларына активдүү катышуусун баса белгиледи.

"Июль айында Анкарада өтө турган НАТОнун кийинки саммитин чыдамсыздык менен күтүп жатып,  бүгүн Түркиянын НАТОго кошулган 74 жылдан бери кошкон салымынын көп кырдуу мүнөзүн дагы бир жолу эске салып жатабыз", - деген Харт, Түркиянын НАТОдогу экинчи чоң армиясына ээ экендигин  жана альянстын "эң күчтүү коргонуу өнөр жайларынын" бирине ээ экендигин белгиледи.

НАТОнун миссияларындагы активдүү ролу

 Түркия альянска 1949-жылы негизделгенден үч жылдан кийин, 1952-жылы 18-февралда кошулган.

Түркиянын Кара деңиз, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинин кесилишиндеги стратегиялык жайгашуусу өлкөнү 70 жылдан бери аймактык кризистердин жана терроризмге каршы күрөшүүнүн алдыңкы сабына алып чыкты.

Бүгүн Түркия дүйнө жүзү боюнча НАТОнун операцияларына жана миссияларына  ири салым кошкон экинчи өлкө болуп саналат. Учурда Косово күчтөрүнө (KFOR) командирлик кылган Түркия аскердик катышуусу аркылуу миссияга эң чоң салым кошкондордун арасында орун алды.

Болжол менен 2000 түрк аскери, амфибиялык чабуул коюучу TCG Anadolu кемеси жетектеген деңиз күчтөрү менен бирге НАТОнун Steadfast Dart 2026 машыгуусуна катышууда.

Коргонуу өнөр жайын кеңейтүү

Аскерлердин санынан тышкары, Түркиянын коргонуу өнөр жайы да чоң ийгиликтерге жетишти. Өлкөдө 3500дөн ашык коргонуу компаниялары иш алып барат, салыштырмалуу НАТОнун европалык 29 мүчөсүндөгү компаниялардын жалпы саны 2800дү түзөт.

Түркияда чыгарылган куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) заманбап согуш талаасындагы ийгиликтеринен улам дүйнөлүк УУА рыногунун 65 пайызын түзүүдө

Түркия 2020- 2024-жылдардын арасындадүйнөнүн эң чоң коргонуу   продукцияларын экспорттоочулардын арасында 11-орунда турат.

Анкара  НАТОнун 32 мүчөсүнүн арасында альянстын бюджетине кошкон салымы боюнча 7-орунда турат.

Түркиянын 2026-жылы бюджетке 355 миллион доллар, ал эми 2030-жылга чейин 730 миллион доллардан ашык салым кошору  күтүлүүдө.

Иликте
Францияда КДРдагы эпидемия менен байланыштуу алгачкы эбола учуру аныкталды
Бириккен Улуттар Уюмунун эвакуация планы боюнча Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет