САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Сеул Түндүк Кореянын быйыл Орусияга дагы 3000 аскер жөнөткөнүн билдирди
Москва менен Пхеньян расмий түрдө аскер жиберүүнү ырастаган эмес, бирок өткөн жылы эки өлкө кеңири аскердик келишимге кол коюшкан.
Сеул Түндүк Кореянын быйыл Орусияга дагы 3000 аскер жөнөткөнүн билдирди
/ AP

Түштүк Кореянын армиясы, Түндүк Кореянын быйыл Орусияга кошумча 3000 аскер жөнөткөнүн жана Москванын Киевге каршы согушун колдоо максатында ракета, артиллерия жана ок-дарыларды жеткирүүнү улантканын билдирди.

“Январь жана февраль айларында кошумча 3000 аскер жөнөтүлгөнү болжолдонууда”, – деп Түштүк Кореянын Биргелешкен штаб башчылары бейшемби күнү маалымдады.

Билдирүүдө Орусияга биринчи этапта жөнөтүлгөн 11 миң түндүк кореялык аскерден 4 миңинин каза болгону же жараланганы белгиленди. "Түндүк Корея ракеталарды, артиллериялык жабдууларды жана ок-дарыларды, ошондой эле адам күчү менен камсыздоону улантууда" деп айтылды.

Маалыматка ылайык, Түндүк Корея ушул кезге чейин Орусияга олуттуу сандагы кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды (SRBM), 220га жакын 170 мм өзү жүрүүчү гаубицаларды жана 240 мм көп учуруучу ракета аткычтарды жеткирген.

“Бул сандар согуш талаасындагы абалга жараша көбөйүшү мүмкүн” деп эскертилди.

Чабуулчу дрондор

Москва 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин Орусия менен Түндүк Корея салттуу альянсын дагы да бекемдеди. Сеул Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Москвага миңдеген аскерлерди жана курал-жарак контейнерлерин жөнөткөнүн билдирди.

Москва да, Пхеньян да аскерлердин жөнөтүлгөнүн расмий түрдө ырастаган эмес, бирок эки өлкө өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түндүк Кореяга жасаган сапары учурунда өз ара коргонуу пунктун камтыган кеңири аскердик келишимге кол коюшкан.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары бейшемби күнү Ким Чендин жаңы жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган жанкечтилик жана чалгындоо дрондорунун сыноосун көзөмөлдөгөнүн кабарлады.

“Жаңы стратегиялык чалгындоо дрону ар кандай стратегиялык буталарды жана душмандын кургактагы жана деңиздеги аракеттерине байкоо салып, көзөмөлдөй алат" деп билдирди Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA).

“Жанкечтилик дрондор “ар кандай тактикалык чабуул миссияларында колдонууга жарамдуу” сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү” деп KCNA маалымдады.

Ким "жаңы жасалма интеллект технологиясы менен иштелип чыккан стратегиялык чалгындоо жана жанкечтилик чабуул жасоочу учкучсуз аппараттарга" баа берди. KCNA билдиргендей, Ким ошондой эле "өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүү планын" бекитти.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү