Сереп салуу
ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
"Дрон дубалын" куруу: Европанын жаңы мезгилдеги абадан коргонуу стратегиясы
Континент чыгыш чек аралары боюнча дрондордун көбөйүп жаткан бузууларынан улам жаңы коопсуздук коркунучуна туш болууда. Бул абадан коргонуудагы маанилүү боштуктарды да ачыкка чыгарды.
"Дрон дубалын" куруу: Европанын жаңы мезгилдеги абадан коргонуу стратегиясы
Tekever AR5 Evolution Mk.2 дрону көргөзмөгө коюлду (AP). / AP

Чыгыш Европада дрондордун чабуулдарынын көбөйүшү континенттин абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү олуттуу алсыздыктарды ачыкка чыгарды. Бул жагдай Европанын чоң масштабдагы дрондордун чабуулуна жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү боюнча олуттуу суроолорду жаратты.

Эң маанилүү окуя 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү Польшада болду, анда болжол менен 20 орус дрону Польшанын аба мейкиндигине киргени кабарланган. Польша F-16 учактарын жана союздаш учактарды бул дрондорду токтотуу үчүн жөнөткөн. Айрым дрондор ийгиликтүү жок кылынса, башкалары аныкталуудан кутулуп кеткен.

Бул алсыздык Польша менен эле чектелген эмес: Румыния аба мейкиндигинде учкучсуз учуучу аппаратты бир сааттай аңдыса, Эстония бир нече эреже бузууларды каттаган. Данияда белгисиз дрондор ​​кээ бир аэропортторду убактылуу жабылышына себеп болуп, аскердик объектилерди дүрбөлөңгө салды.

Аналитиктер эреже бузуулардын көп болушун коркутуулардын обочолонгон абал эмес экендигин, союздаштардын аба мейкиндигине карата кеңири масштабдагы каршы чыгуунун бир бөлүгү катары карашууда. Польша бул коопсуздук коркутуусуна жооп катары НАТО келишиминин 4 - беренесин колдонду. Бул берене бир мүчө мамлекеттин башка союздаштар менен сүйлөшүүсүнө шарт түзүүдө. НАТО тарыхында бул беренени ушул кезге чейин жети жолу гана колдонулду.

Мындай мыйзам бузуулар көбүнчө “гибриддик согуштун” алкагында каралат. Стратегия аялуу жерлерди сынап көрүүгө, жооп берүү убактысын өлчөөгө жана бөгөт коюучулукту азайтууга багытталган. Россия бул окуяга эч кандай тиешесинин жок экенин айтса да Европа жана НАТОнун жетекчилери бул аракеттерди трансатлантикалык альянстын Украинага болгон чечкиндүүлүгүн жана колдоосун сынап көрүү үчүн жасалган атайын аракет катары баа беришүүдө.

Окуялардан кийин НАТО Финляндиядан Болгарияга чейинки чыгыш чек арасына истребителдери, деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрүн жана байкоочу жабдууларды жайгаштырган Чыгыш күзөт операциясын баштады. НАТОнун баш катчысы Рютте бул операция альянстын даярдыгын көрсөткөнүн баса белгиледи.

Бирок тез жайгаштыруу Европанын учурдагы абадан коргонуу системаларынын мындай коркунучтарга каршы жетишсиз экенин көрсөттү. Чыгыш фронтундагы коргонуу боштугу олуттуу өлчөмдө жана НАТОнун керектүү кубаттуулугунун болжол менен 5% гана ээ экени болжолдонууда.

Эксперттер өзгөчө гибриддик согуштун жаңы доору үчүн иштелип чыккан өнүккөн жана натыйжалуу коргонуу системаларын биринчи кезекте сатып алуу зарылдыгын белгилешүүдө. Бул заманбап радарларды, электрондук согуш системаларын жана тез жооп берүү технологияларын интеграциялаган катмарлуу система менен мүмкүн болот.

"Дрон дубалын" куруунун актуалдуулугу Европанын коргонуудагы олуттуу боштукту жоюу зарылдыгын көрсөтүүдө.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди