Стамбул университетинин Деңиз илимдери жана башкаруу институту сезимтал жээк экосистемаларын коргоо максатында, жасалма интеллект менен колдоого алынган спутник сүрөттөрүн жана колонулган дрондор аркылуу жок болуп кетүү коркунучундагы деңиз чөптөрүн көзөмөлдөө долбоорун баштады.
Бул демилге деңиз суусунун температурасынын көтөрүлүшү, деңиздин булганышы, жээктердин өздөштүрүлүшү жана кемелердин баш аламан якорь ташташы сыяктуу себептерден улам коркунуч алдында турган деңиз чөптөрүнүн абалын жакшыртууну көздөйт.
Долбоор Түркиянын батышындагы пилоттук аймактарды, анын ичинде Балыкесир жээгиндеги Мармара жана Эгей деңиздеринин айрым бөлүктөрүн камтыйт. Дистанциялык зонддоо технологиялары аркылуу алынган маалыматтар илимий топтор тарабынан жүргүзүлгөн суу алдындагы изилдөөлөр жана чумкуу жолу менен текшерилет.
Пашалиманы аралы Харманлы булуңу долбоору деп аталган демилге Мармара деңизиндеги Posidonia oceanica деңиз чөптөрүн алыстан зонддоо ыкмалары аркылуу көзөмөлдөө жана коргоо үчүн практикалык жана туруктуу ыкмаларды иштеп чыгууну максат кылат.
Деңиз өсүмдүктөрү жээк экосистемалары үчүн абдан маанилүү.
Анадолу агенттигине берген маегинде институттун директору, профессор Жем Газиоглу деңиз чөптөрү көмүртекти сиңирүү мүмкүнчүлүгү жогору болуп, кычкылтек бөлүп чыгарып, көптөгөн деңиз жандыктары үчүн жашоо чөйрөсүн түзгөндүктөн жээк экосистемаларынын эң маанилүү компоненттеринин бири экенин билдирди.
Долбоорго катышкан изилдөөчү суучул жана деңиз биологу Селахаттин Үнсал Кархан деңиз чөптөрү кээде деңиз балырлары менен чаташтырыларын белгилеп: «Деңиз чөптөрү тамыры, сабагы жана жалбырактары бар, гүлдөп, урук бере турган өсүмдүктөр. Эволюциялык жактан алар балырлар менен эмес, кургактыктагы гүлдүү өсүмдүктөр менен тектеш»,- деди.
Кархан Жер Ортолук деңизинде деңиз өсүмдүктөрүнүн беш түрү бар экенин жана Posidonia oceanica түрү бул аймакка гана мүнөздүү экенин кошумчалады.
Жалпысынан "Жер Ортолук деңизинин өпкөсү" деп аталган бул түр, кычкылтек иштеп чыгууда жана көмүртекти сактоодо маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле ал Жер Ортолук деңизиндеги деңиз жандыктарынын болжол менен 25 пайызынын жашоо циклин камсыз кылат.
Институт деңиз чөптөрүнүн өтө жай өсөрүн белгилеп, адамдын иш-аракетинен же экологиялык стресстен келип чыккан зыянды калыбына келтирүү үчүн ондогон жылдын талап кылынарын билдирди. Ошол себептүү, көйгөйдү эрте аныктоо жана үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн маанилүү экенин баса белгилейт

















