ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран Израилге жана АКШга таандык 500 аскердик жана стратегиялык бутага сокку урганын жарыялады
АКШ маалымат каражаттары Тегеранга каршы АКШ менен Израилдин биргелешкен аскердик чабуулу башталгандан бери 18 америкалык аскердин оор жаракат алганын билдирди.
Иран Израилге жана АКШга таандык 500 аскердик жана стратегиялык бутага сокку урганын жарыялады
Ирандык баллистикалык ракета Тель-Авивге, Израилге сокку урду. / Reuters

Ирандын Төңкөрүш Гвардиясы кагылышуулардын үчүнчү күнүндө жасаган билдирүүсүндө Ирандын жооп кайтаруусунан ушул кезге чейин Жакынкы Чыгышта Израиль жана АКШ менен байланыштуу болгон 500 бутага сокку урганын айтты.

Төңкөрүш Гвардиясынын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө: "Кагылышуу башталгандан бери Ирандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Американын аскердик катышуусуна тиешелүү 60 стратегиялык объектти жана 500 бутаны, ошондой эле сионисттик режимдин (Израил) объектилерин аткылашты", — деп билдирди.

Билдирүүдө өзгөчө 700дөн ашык учкучсуз аппарат жана жүздөгөн ракетанын учурулганы белгиленди.

Тегеран 28-февралда башталган, диний лидер Али Хаменеинин өлүмүнө алып келген жана башка объектилерди бутага алган АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулдарына жооп иретинде көптөгөн баллистикалык ракеталарды жана учкучсуз аппараттарды учурду.

Ирандын айрым чабуулдары түздөн - түз Израилди бутага алып (анын ичинде Бейт-Шемеш жана Кудска жакын жердеги окуялар), кеминде 11 адамдын каза болушуна жана көп сандаган адамдын жараланышына жол ачты.

Иран ошондой эле аймактагы АКШнын аскердик күчтөрүнө жана базаларына чабуул жасады. Анда АКШнын 6 аскери каза болуп, көптөгөн аскер да жараланды.

АКШ күчтөрүн кабыл алган Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар, Бахрейн, Сауд Арабиясы жана Оман сыяктуу Перс булуңундагы өлкөлөр да Ирандын аскердик, жарандык жана инфратүзүмдүк объектилерине багытталган түздөн - түз ракеталык жана учкучсуз аппараттардын чабуулдарына дуушар болушту.

CNN телеканалы АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) дүйшөмбү күнкү билдирүүсүнө таянып АКШ жана Израилдин Иранга каршы биргелешкен аскердик операциясы башталгандан бери 18 америкалык аскердин "оор жаракат алганын" кабарлады.

Капитан Тим Хокинстин бул билдирүүсү Ирандын биринчи каршы чабуул толкунунда алган жаракатынан улам дагы бир аскердин каза болгону тастыкталгандан кийин жасалды.

Эл аралык Кызыл Крест уюмунун билдирүүсүнө ылайык, АКШ менен Израилдин Ирандын 131 районуна жасаган биргелешкен чабуулдарында ушул күнгө чейин кеминде 555 адам каза болду.

Эң кандуу окуя Ирандын түштүк-чыгышындагы Минаб шаарында болуп, кыздардын башталгыч мектебине жасалган чабуулдан 180 окуучу кыз набыт болду.

Иликте
Израилдин түндүгүндө жарылуу: 8 адам жаракат алды
Европа Биримдиги Орусиянын аскердик өнөр жайына каршы рекорддук сандагы жаңы санкцияларды кабыл алды
Украина: "Зеленский президент Эрдогандын ортомчулугунда Путин менен жолугушушу мүмкүн"
Судан менен Египеттин чек арасындагы аба соккусунан 72 кенчи каза болгон деген айыптоолор айтылууда
БУУ: "Жибутинин жээгинде кеме кырсыгынан 139 адам каза болуп, 84 адам дайынсыз жоголду"
АКШда коомдук каражаттар менен каржыланган Трампты колдогон жарнамаларды токтотуу чечими
Ирактын согуштук учактары өлкөнүн чыгышындагы ДЕАШ террордук уюмуна таандык жайларды талкалады
Йемен армиясы: "900дөн ашык хусит мүчөсү жок кылынды"
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы хуситтердин кол салууларын айыпташты
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды