28-январда Түрк Мамлекеттери Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымдын катышуусунда өткөн «Орток түрк алфавити – мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана сунуштар» аттуу панелдик талкуу өз тармагындагы тажрыйбалуу окумуштуулардын катышуусунда өттү.
Түрк дүйнөсүнүн өткөндөн бүгүнкү күнгө чейинки орток тарыхы, убакыттын өтүшү менен жайылган географиялык аймактары жана бүгүнкү абалы эске алынуу менен кабыл алынган Орток түрк алфавитинин мааниси баса белгиленген панелдик талкуу Кожо Ахмет Ясаву атындагы Эл аралык түрк-казак университетинин илимий иш-чараларынын алкагында, Камкорчулар кеңешинин төрагасы, проф. др. Мухиттин Шимшектин жетекчилиги астында уюштурулду. Улуттук китепканада өткөн бул иш-чарага окумуштуулардын баяндамаларын угуу үчүн түрк мамлекеттеринин Анкарадагы элчилери да катышты.
Бинали Йылдырым ачылыш сөзүндө түрк дүйнөсүнүн маанисин баса белгилөө менен бирге, орток түрк алфавити кабыл алынганга чейинки 2 жылдык процесске көңүл бурду. Ал бул процесстин оңой болбогонун, бирок 34 тамгадан турган Орток түрк алфавити кабыл алынганын жана бул жыйынтык келечекте түрк дүйнөсүнүн өз ара байланышына чоң салым кошорун айтты. Эң негизгиси, бул алфавит түрк дүйнөсүн маданий жактан гана эмес, экономикалык жактан да бириктире аларын өзгөчө белгиледи.
Профессор доктор Назым Хикмет Полат төрагалык кылган панелде профессор доктор Билгехан Атсыз Гөкдаг орток түрк алфавити процессинин түрк дүйнөсү үчүн жаңы маселе эмес экенин баса белгиледи. Гөкдаг бул тармактагы алгачкы системалуу аракеттердин 1926-жылы өткөрүлгөн I Баку түркология курултайы менен башталганын эске салды. Мындан тышкары, аталган курултайга катышкан жана орток түрк алфавити долбоорун колдогон түрк дүйнөсүнүн алдыңкы лингивисттеринин 1937–1938-жылдары Сталин тарабынан репрессияга учурап өлтүрүлгөнүнө көңүл бурду.
Түрк тил мекемесинин төрагасы Осман Мерт болсо сөзүндө Орток түрк алфавити кабыл алынганга чейинки академиялык процессти жана бул процессте туш болгон көйгөйлөрдү ортого салды. Мерт түрк дүйнөсүнүн жазма тил тарыхына да кыскача токтолуп, кирилл алфавитине салыштырмалуу латын алфавити сунуш кылган мүмкүнчүлүктөргө да баа берди.
ЮНЕСКОнун Түркия улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор доктор Өжал Огуз, ЮНЕСКО жана "Түрк тилдеринин үй-бүлөсү күнүн" жарыялоо маселесине токтолду; профессор доктор Нуреттин Демир "Бүтпөгөн окуя: Алфавит талаш-тартыштары" деген аталышта профессор доктор Эмине Йылмаз менен биргеликте даярдаган отчету тууралуу кыскача маалымат берди.
«Орток түрк алфавити – мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана сунуштар» аттуу панелдик талкууда акыркы сөз түрк маданиятынын салтына ылайык, жыйындын аксакалы катары Бинали Йылдырымга берилди. Бинали Йылдырым корутунду сөзүн төмөнкүчө аяктады: "Чынында эле абдан пайдалуу маалыматтарды алдык, бирок бир нерсени эскертип коюуну каалайм. Биз сууга жаңы эле кирдик, бирок келген жерибиз азырынча кызыл ашыктан гана келет. Баса турган жолубуз узун, кыла турган иштерибиз көп. Ошондуктан бир аз ылдамыраак аракет кылышыбыз керек. Академиялык чөйрө, сиздердин бул жерде ролуңуздар жана жоопкерчилигиңиздер абдан чоң. Бул алфавитти 300 миллиондук чоң коомчулукка жайылтуу, аларды ынандыруу жана алфавитти өздөштүрүүлөрүн камсыз кылуу үчүн мындан ары тереңдетилген иштерди алып баруу зарыл. Бул тереңдетилген ишти сиздер эле жасабайсыздар, бирок сиздер кыймылдаткыч күч болосуздар.
Буга саясат колдоо көрсөтөт, мекемелер колдоо көрсөтөт жана бул тармактагы маалымдуулукту Балкандан Байкалга чейин созулган географияда өтө тездик менен жайылтышыбыз керек. Бул империялык кыял эмес, бул биздин өткөн орток тарыхыбызды келечекке алып баруучу долбоор. Биз француздардай эмеспиз. Осмон империясы Тунисте, Алжирде 600 жыл өкүм сүргөн, бирок ал жерди 50 жыл гана басып алгандар француз тилин расмий тил катары кабыл алдыртышты. Биздин улут катары, түрк улуту катары колониялык өтмүшүбүз жок; уяла турган эч кандай тарыхыбыз жок. Биздин бир гана максатыбыз — бул зор географияда бири-бирибизди жакшы түшүнүү, ынтымакта болуу менен бирге экономикалык жана маданий интеграцияны камсыз кылуу, ошондой эле аймактык жана глобалдык тынчтыкка маанилүү салым кошуу. Максатыбыз ушул. Дагы бир жолу бардык окумуштууларыбызга, бул жерде өз пикирин билдирген бардык адистерге ыраазычылык билдирем. Өзгөчө Кожо Ахмет Ясаву университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, урматтуу Мухиттин Шимшекке жана кесиптештерине ушундай жогорку деңгээлдеги жыйынды уюштургандыктары үчүн дагы бир ирет рахмат айтамын».











