ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Согуш коркунучу Жакынкы Чыгышта туризмди токтотту
Жакынкы Чыгыштагы согуш саякаттардын массалык түрдө токтотулушуна, жүргүнчүлөрдүн жолдо калышына жана аймактын тез өнүгүп жаткан туризм тармагына чоң сокку урулушу мүмкүн деген кооптонууларга алып келди.
Согуш коркунучу Жакынкы Чыгышта туризмди токтотту
2026-жылдын 28-февралында Ливандын Бейрут шаарындагы Рафик Харири атындагы эл аралык аэропортунда көптөгөн каттамдар токтотулгандыктан, саякатчы учуу убактысын текшерип жатат. / AP

Токтотулган каттамдар, кечеңдетилген саякаттар жана  белгисиздик: Жакынкы Чыгыштагы согуш дүйнөлүк туризмдин борборуна айланган бул аймактын келечегине көлөкө түшүрүүдө.

Иорданиянын түндүгүндөгү Ирбид шаарынын тур гиди Назих Равашде: "Акыркы туристтик тобум үч күн мурун кетти. Март айына пландалган бардык топтор саякаттарын токтотушту»,-деди.  

«Бул жер жогорку сезондун башталышы. Бул бир апаат".

Жалпы дүйнөдө тур операторлору аймакта калган же ал жакка саякат пландаган кардарлар үчүн чечүүчү жол издөөгө киришти.

"Артыкчылыктуу маселе - ал жактагыларды үйлөрүнө кайтаруу", - деди француз Comptoir des Voyages тур операторунун башчысы Ален Капестан.

Капестан согуштун кесепети дүйнөнүн башка аймактарына саякаттаган кардарларга да тийип жатканын белгиледи. Анткени Перс булуңунда Дубай, Абу-Даби жана Доха сыяктуу ири авиациялык транспорттук борборлор жайгашкан.

Германияда жайгашкан Alltours, Dertour жана Schauinsland-Reisen сыяктуу тур операторлор аймакта калып калган кардарлардын кошумча жатакана чыгымдарын өздөрү көтөрөрүн жарыялашты. Бул компаниялар ошондой эле Бириккен Араб Эмирликтерине жана Оманга болгон саякаттарды  7-мартка чейин токтотушту.

Дубайда кемеси  калган Швейцариянын MSC Cruises оператору 1000ге жакын жүргүнчүнү эвакуациялоо үчүн  атайын беш учак жиберерин билдирди. Фирма жүргүнчүлөрдүн жумага чейин аймактан чыгарыларын кабарлады, бирок учуу багыттары жана саякатчылардын жарандыгы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Британиялык туризм индустриясынын ABTA ассоциациясы Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги бардык зарыл эмес саякаттарга каршы эскертүү бергенге чейин агенттиктер кардарларын аймакка жөнөтпөй турганын билдирди.

Акыркы күндөрү эс алуусу токтотулган кардарлар кайрадан брондоп же акчасын кайтарып ала алышат.

Экономикалык таасири

Согуш аймактагы  өсүп жаткан тармакты аксатууда. БУУнун туризм боюнча маалыматтарына ылайык, 2025-жылы Жакынкы Чыгышка 100 миллионго жакын турист келген; бул дүйнөдөгү жалпы эл аралык туристтердин 7 пайызын түзөт. Бул көрсөткүч жылдык эсепте 3 пайызга, ал эми пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу 39 пайызга өскөн.

Келген туристтердин чоң бөлүгүн европалыктар түзүүдө, андан кийин Түштүк Азия, Америка континенти жана башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген туристтер турат.

Мисалы, 2025-жылы Дубайга келгендердин болжол менен 26 пайызы жакынкы базарлардан келген.

Буга байланыштуу аналитиктер туристтердин агымынын азайышы мурдагыга караганда олуттуу экономикалык сокку болорун эскертишүүдө. Себеби туризмдин ички дүң продукция үлүшү жана бул тармактагы жумуштуулук кыйла жогорулаган.

Божомолдорго ылайык, кагылышуудан улам 2026-жылы Жакынкы Чыгышка келген коноктордун саны жылдык эсептин базасында 11 пайыздан 27 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн. Бул декабрь айындагы 13 пайыздык өсүү күтүүсүнө карама-каршы келет. Натыйжада, мурдагы сценарийге караганда 23 миллиондон 38 миллионго чейин аз турист келип, туризмден түшкөн киреше 34-56 миллиард доллар жоготууга учурашы ыктымал.

«Туристтер COVID жана Газадагы кагылышуудан кийин кайтып келе баштаган эле. Акыркы алты айдын ичинде бул жерде туризм тармагында иштегендер чоң үмүттүү эле. Эми согуш жүрүп жатат. Бул экономикага абдан катуу сокку урат»,- деди иорданиялык гид Равашде.

«Учурда биз өнөктөштөрүбүздөн жаңы брондоолордун төмөндөнүн байкап жатабыз, бирок баары калыбына келип, саякатчылар өздөрүн коопсуз сезгенде, мунун ылдам калыбына келишин күтүп жатабыз. Жакынкы Чыгыш ар дайым туруктуу рынок болуп келген, туруктуулук орногондо суроо-талап тез эле жогорулайт»,-деди америкалык жана британиялык операторлорго түз турларды сунуштаган Middle East Travel Alliance компаниясынын маркетинг боюнча директору Ибрагим Мохамед.

 

Иликте
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Парижде нааразылык акцияларындагы баш аламандыктан кийин коменданттык саат киргизилүүдө
Иран Төңкөрүш гвардиясы: "Перс булуңунда мунай ташып бараткан төрт кемеге сокку урулду"
Израиль армиясынын Сириянын Дера шаарынын элетиндеги рейдинде майып бир жаран каза болду
Зеленский: "Украина азыркы фронт линияларында согушту токтотууга даяр"
Кремль: "Биз ноябрь айында Россия-Украина-АКШ үч тараптуу сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого даярбыз"
Грецияда оппозиция Түркия менен Ливиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча өкмөттү айыптады
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады
Франциядагы нааразычылык митингдеринде  2 киши каза болду