Бириккен Улуттар Уюму оккупациядагы Батыш Шериада Израилдин Эль-Халилди курчоого алуусун айыптап, операция миңдеген палестиналыктардын жер которушуна алып келенин жана тургундарга карата көрүлгөн чаралар "этникалык тазалоону" туюнтушу мүмкүн экенин эскертти.
БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Жереми Лоренс Женевада: "Көрүлгөн комплекстүү кадамдар күч колдонуунун керексиз жана диспропорциялуулугу боюнча олуттуу тынчсызданууну жаратат" деп билдирип, кол салууларды токтотууга чакырды.
Лоренс Израилдин оккупациясы үйлөрдү жана коммерциялык мүлктөрдү бузууну, ошондой эле кыймыл эркиндигине кеңири чектөөлөрдү камтыганын, көптөгөн палестиналыктардын үйлөрүнө же жакын жердеги конуштарга камалып жатканын айтты.
Өткөн аптада Израилдин адам укуктары боюнча B'Tselem уюму Израиль "этникалык тазалоо" үгүтүн Эль-Халилге чейин кеңейткенин, массалык жер которуу жана кеңири кыйратуу пландары буга чейин эле башталганын эскерткен.
Палестинанын Wafa маалымат агенттигинин кабарына караганда, жума күнүнөн бери болжол менен 3971 адамды түзгөн кеминде 619 палестиналык үй-бүлө үйлөрүнөн күч менен чыгарылды.