Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммити 2026-жылдын 30-октябрында Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын уюштуруусу менен «Түрк кылымы: тилде, ойдо, иште биримдик» темасында Анкарада өтөт.
Саммитке ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары, байкоочу мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жана ТМУнун Башкы катчысы катышат. Жыйында Уюмдун алкагындагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечектеги перспективалары, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты туудурган аймактык жана эл аралык окуялар талкууланат.
Лидерлер саясий кызматташтык, соода жана инвестиция, транспорт жана байланыш, энергетика, санариптик трансформация, маданий жана гуманитардык кызматташтык, ошондой эле институционалдык өнүгүү сыяктуу Уюмдун артыкчылыктуу иш багыттарында жетишилген ийгиликтерди баалашат деп күтүлүүдө. Бул алкакта түрк мамлекеттеринин ортосундагы биримдикти жана ынтымакты андан ары бекемдөөгө, «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040» багытында иш жүзүндөгү кызматташтыкты илгерилетүүгө өзгөчө маани берилет.
ТМУнун төрагалыгын Түркиянын Азербайжандан өткөрүп алышы менен Анкара саммити Уюмдун институционалдык өнүгүү жараянында маанилүү бурулуш чекит болот. Саммиттин алкагында жаңы Башкы катчыны дайындоо жана Уюмдун алдыдагы мезгилге карата стратегиялык артыкчылыктарын талкуулоо да күтүлүүдө.
Мамлекет башчылары кызматташтыкты тереңдетүүгө жана ТМУнун институционалдык структурасын андан ары чыңдоого багытталган бир катар чечимдер жана документтер менен бирге Анкара билдирүүсүн кабыл алышат деп күтүлүүдө.
Саммиттин алдында ТМУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жана Уюмдун тиешелүү органдарынын даярдоо жыйындары өтөт.
Саммитке тиешелүү кеңири маалымат жана акыркы жаңылыктар саммит учурунда Түрк мамлекеттер уюмунун расмий сайты жана социалдык тармактардагы барактары аркылуу коомчулукка жеткирилет.
Дагы видеолор
ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНУН 13-САММИТИ АНКАРАДА ӨТӨТ
Дагы видеолор