Жарчы |4.07.2025
00:00
00:0000:00
Дүйнө
Жарчы |4.07.2025
Израиль курчоого алынган анклавдагы карапайым калкка каршы геноциддик согушун күчөтүүдө, дарыгерлер Израилдин Газадагы аба соккуларынын жаңы толкунунда кеминде 102 палестиналыктын набыт болгонун билдиришти.

*** Индустардын Индия башкарган Кашмирде Гималайдагы үңкүр храмына жылдык зыяраты миңдеген жарым аскерлештирилген күчтөрдү жана жогорку технологиялык байкоочу аппараттарды камтыган көп катмарлуу коопсуздук чаралары менен башталды.

***Россия Афганистандын жаңы элчисинин ишеним грамотасын кабыл алып, Талибан өкмөтүн тааныган биринчи өлкө болгонун жарыялады.

***Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда Иран Израиль менен болгон кагылышуулардан улам өткөн айда толугу менен жапкан аэропорттор менен аба мейкиндигинин көпчүлүгүн кайрадан ачты.

***Түркиянын президентинин жубайы Эмине Эрдоган бай өлкөлөрдү климаттык кризистин жүгүн адилеттүү жана тең бөлүшүүгө чакырды.

Көбүрөөк ук
Жарчы| 6.11.2026
«Көзөмөлдөн чыккан машина: жасалма интеллект коркунучун чындыкка айланткан мыйзам бузуу»
Альцгеймер оорусунан өзүбүздү кантип коргой алабыз?
Ракка каршы күрөштө төңкөрүштүк мааниге ээ болгон вакцина
Жасалма интеллект, санариптик эгемендик жана журналистика этикасы
Рак оорусун дарылоодо жаңы доор: МРТ сүрөткө тартуу менен шишикти тоңдуруу
Кофенин ашыкчасы организмге кандай таасир этет?
Көгүлтүр деңиздин тереңинде: Түркия суу астындагы технологияда чоң ийгиликтерге жетишти
"Канчалык көп белок болсо, ошончо ден соолук" деген түшүнүк туурабы?
Роза гүлү бир гана гүл эмес, ошол эле учурда азык да