ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия энергетика келишиминин алкагында Сирияга газ жана электр энергиясын жеткирет
Анкара Сириянын согуштан кийинки калыбына келтирүү аракеттеринин алкагында бул өлкөгө газ жана электр энергиясын экспорттойт, ошондой эле өлкөгө ачык энергетикалык инвестиция салат.
Түркия энергетика келишиминин алкагында Сирияга газ жана электр энергиясын жеткирет
Turkish Energy Minister Alparslan Bayraktar has said that the gas exports would support the generation of an additional 1,300 megawatts of electricity in Syria, helping to meet the country’s chronic energy shortfalls. (Photo: AA) / AA

Түркиянын энергетика министри Алпарслан Байрактар ​​Дамаскка сапарында эки тараптуу жаңы энергетика келишиминин алкагында Түркиянын Сирияга жыл сайын эки миллиард куб метр жаратылыш газын бере турганын жарыялады.

Бул кадам он жылдан ашуун убакытка созулган жарандык согуштан кийин Анкаранын Сирияны кайра куруудагы ролунун жогорулап баратканын көрсөтөт.

Бейшемби күнү Сириянын энергетика министри Мухаммед аль Башир менен биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Байрактар, газ экспорту Сирияда кошумча 1,300 мегаватт электр энергиясын өндүрүүгө жардам берерин жана өлкөнүн энергетика тартыштыгын жоюуга салым кошорун айтты.

Мындан тышкары Байрактар Түркия Сирияга кыска мөөнөттүү муктаждыктарын жабуу үчүн түздөн-түз 1,000 мегаватт электр энергиясын камсыздай турганын кошумчалады.

Газ түтүгүн кайра ишке киргизүү жана келечектеги долбоорлор

Аль Башир эки тарап Сирия менен Түркияны байланыштырган көптөн бери иштебей турган газ түтүгүн кайра ишке киргизүү боюнча макулдашканын, газ агымы июнь айында башталарын ырастады.

“Бул электр энергиясын өндүрүүнү олуттуу түрдө көбөйтүп, сириялыктардын электр энергиясына болгон муктаждыгына оң таасирин тийгизет,” - деди.

Эки министр ошондой эле эки өлкөнү байланыштырган 400 киловольттук электр линиясынын курулушун аяктоо маселесин талкуулашты. Бул линия жыл аягына чейин ишке кирип, Сирия Түркиядан 500 мегаваттка чейин электр энергиясын импорттой алат.

Түрк инвестициясы

Электр энергиясынан тышкары, келишим Түркиянын жеке секторунун Сириянын энергетика жана тоо-кен тармактарына инвестиция салуусуна жол ачат.

Байрактар түрк компаниялары тоо-кен, фосфат өндүрүү, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө чакырылганын белгиледи.

Байрактар: “Сирияда кургактыкта ​​да, деңизде дагы жаңы булактардын табылышы боюнча интенсивдүү иштеп жатабыз”,- деди.

Иликте
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү