ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Фидан: «Түркия Палестинада эки мамлекеттүү чечим үчүн кепил болууга даяр»
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Палестинада эки мамлекеттүү чечим ишке ашса, Түркия иш жүзүндө кепил болушу мүмкүн экенин айтты.
Фидан: «Түркия Палестинада эки мамлекеттүү чечим үчүн кепил болууга даяр»
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Шарм эл-Шейхте жетишилген келишим Газа үчүн да, аймак үчүн да тарыхый болгонун айтты. / AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия Палестинада эки мамлекеттүү чечим үчүн кепил болууга даяр экенин билдирди жана Шарм-эль-Шейхте жетишилген макулдашууну “Газа жана аймак үчүн тарыхый” деп атады.

Фидан ишемби күнү түрк ULKE TV телеканалына берген маегинде, эгер эки мамлекеттүү чечим ишке ашырылбаса, “бир аз убакыттан кийин дагы бир согушту көрүшүбүз мүмкүн” деп эскертти. Ошондой эле, учурдагы ок атышпоо режимин сактай албоо “согушту эмес, дагы бир геноцидди” алып келерин кошумчалады.

Фидан Түркиянын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, максат “макулдашуунун шарттарын сактоону камсыз кылуу, гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыздоо, палестиналыктардын Газаны башкаруусун колго алуусуна шарт түзүү жана эки мамлекеттүү чечимге карай чечкиндүү кадам таштоо” экенин айтты.

Ал Анкаранын максаты аймакта чыңалууну күчөтпөөнү жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн негиз түзүүнү көздөй турганын баса белгиледи.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Эрдоган Батыштын Палестинаны таануусу эки мамлекеттүү чечимге негиз түзүшү керектигин айтты

Палестинанын мамлекеттүүлүгүнө жол

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Батыштын Палестинаны таануу аракеттерин дипломатиялык кадамдардан көрө, эки мамлекеттүү чечимдин пайдубалы катары мүнөздөгөн.

Президент Эрдоган бул темага байланыштуу сөзүндө:“Бул этапта эки мамлекеттүү чечимге карай аракеттерди күчөтүү маанилүү. Биз Батыш өлкөлөрүнүн, айрыкча Улуу Британия менен Франциянын Палестина мамлекетин таануу чечимдерин жөн гана таануу актысы катары эмес, эки мамлекеттүү чечимге алып баруучу жараяндын пайдубал кадамдары катары көрүүнү каалайбыз. Болбосо, жасалган кадамдар толук болбой, өз максатына жетпей калат”,-деп айткан.

Ал 1967-жылкы чек аралардын негизинде, Чыгыш Кудсту борбор кылган, көз карандысыз, эгемен жана географиялык жактан бириккен Палестина мамлекети жалгыз чечим экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Түркия БУУнун Башкы Ассамблеясында Палестина мамлекетин түзүүгө «кайтарылгыс кадамдарды» талап кылды

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди