Түрк академиясы тарабынан орток түрк алфавитинде басылып чыккан китептердин бет ачары

Түрк академиясы тарабынан орток түрк алфавитинде басылып чыккан Абайдын «Кара сөздөрү» жана Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармаларынын бет ачары өтөт.

By
Түрк мамлекеттери орток алфавит менен биримдик издөө аракетинде

2025-жылдын 19-ноябрында «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине жаңы кадам: Орток түрк алфавитинде басылып чыккан чыгармалар» деп аталган иш-чаранын алкагында саат 10:00дө Түрк академиясы тарабынан орток түрк алфавитинде басылып чыккан Абайдын «Кара сөздөрү» жана Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармаларынын бет ачары өтөт.

Түрк академиясы жана ТҮРКСОЙ биргелешип уюштурган иш-чарага Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, АК партиясынын төрага орун басары Күршад Зорлу, Түрк тилдер ассоциациясынын президенти Осман Мерт, «Чыңгыз Айтматов» институтунун төрагасы Ильяс Топсакал жана түрк дүйнөсүнүн илимий коомчулугунун өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө…