МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Түрк академиясынын 15 жылдыгы Анкарада белгиленет
Эл аралык Түрк академиясынын 15 жылдыгы 2025-жылдын 18-ноябрында Анкарада белгиленет.
Түрк академиясынын 15 жылдыгы Анкарада белгиленет
Түрк академиясы 15 жылдык мааракесин Анкарада белгилейт / TRT

Салтанаттуу аземге Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, TМУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, Түркия Республикасынын соода министринин орун басары Өзгүр Волкан Агар, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, TМУнун аксакалдар кеңешинин Венгриядагы өкүлү жана Венгрия парламентинин мүчөсү Аттила Тилки, Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку кеңешинин президенти Деря Өрс, Түркиянын ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиясынын президенти Өкал Огуз, Түркия Илимдер академиясынын (TÜBA) президенти Музаффер Шекер, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова, ТүркПАнын башкы катчысынын орун басары Сакы Садыков, TМУнун башкы катчысынын орун басары Мерей Мукажан, ошондой эле түрк мамлекеттеринин дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү жана академиялык коомчулуктун мүчөлөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында Түрк академиясы тарабынан акыркы 15 жылда жарыяланган негизги илимий эмгектер жана монографиялар көрсөтүлөт. Конокторго Академиянын ишмердүүлүгүн жана жетишкендиктерин чагылдырган атайын фотокөргөзмө жана жарнамалык тасма тартууланат.

 Андан тышкары, Түрк академиясы тарабынан даярдалган туруктуу өнүгүү, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана түрк мамлекеттериндеги транспорт жана энергетикалык байланыш жаатындагы кызматташтык боюнча жылдык аналитикалык отчеттордун негизинде пленардык жыйын өткөрүлөт.

Сессия учурунда Академия тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун негизги эксперттери өздөрүнүн изилдөө жыйынтыктары менен бөлүшүшөт. Сессия учурунда Академия тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун негизги эксперттери өздөрүнүн изилдөө жыйынтыктары менен бөлүшүшөт.

 

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек