Сереп салуу
ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган: «Түркиянын F-35 программасына кайтып келиши НАТОнун коопсуздугу үчүн зарыл»
Эрдоган Bloomberg агенттигине берген маегинде Түркиянын буга чейин акысын төлөп келген F-35 учагын алышы жана аны программага кайрадан кошуусу АКШ жана НАТОнун коргонуу системасы менен мамилелерди жакшыртуу үчүн маанилүү жана зарыл экенин билдирди.
Эрдоган: «Түркиянын F-35 программасына кайтып келиши НАТОнун коопсуздугу үчүн зарыл»
Эрдоган Түркиянын позициясы абдан так жана ачык экенин баса белгиледи. / AA
5 Январь 2026

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШ жетектеген F-35 согуштук учактары программасына Түркиянын кайрадан кошулуусун талап кылып, бул кадам Түркия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди бекемдеп, НАТОнун коопсуздугун жогорулатарын билдирди.

Bloomberg агенттигине жазган жоопторунда Эрдоган 2025-жылдын сентябрь айындагы Ак үйдөгү жолугушууга шилтеме жасап, Түркиянын Орусиядан аскердик жабдууларды сатып алгандыгына байланыштуу он жылга жакын убакыт мурун F-35 программасынан чыгарылышы жөнүндөгү чечимди «адилетсиздик» деп мүнөздөп, муну Трампка жеке өзү жеткиргенин билдирген.

Президент Эрдоган Трамптын АКШнын президенттигине кайтып келиши менен Анкара менен Вашингтондун ортосундагы мамилелердин «бир топ акылга сыярлык жана конструктивдүү багытта жылышына» мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

F-35 маселесине келсек, Эрдоган Түркиянын буга чейин акысын төлөп келген F-35 учагын алышы жана аны программага кайрадан кошуусу АКШ менен мамилелер жана НАТОнун коргонуусу үчүн маанилүү жана зарыл экенин билдирди.

АКШдан F-16 Block 70 учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө токтолгон Эрдоган, Түркия шарттардын НАТО альянсынын рухуна шайкеш келишин күтүп жатканын белгилеп, Eurofighter учактарын сатып алууну мисал келтирди. 

ТийиштүүTRT Кыргызча - Эрдоган менен Стармер Eurofighter Typhoon келишимине кол коюшту

АКШда Халкбанкка каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу Эрдоган Түркия бул айыптоолорду негизсиз деп эсептегенин жана банктын «адилетсиз жазаларга» кабылбашын камсыз кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеп, мыйзамга толук ылайык адилеттүү натыйжага үмүттөнөрүн билдирди.

Эки тараптуу энергетикалык мамилелерге токтолгон лидер: «Биз, айрыкча АКШдан келген суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү бир топ көбөйттүк»,-деп билдирди жана бул азыр Түркиянын жеткирүү чынжырында «маанилүү орунду» ээлей турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган Түркиянын позициясы абдан ачык экенин белгилеп: «Биз улуттук кызыкчылыктарыбызга жана энергетикалык коопсуздугубузга ылайык иш алып барабыз»,-деп билдирди.

Президент Эрдоган: «Көмүр-суутек муктаждыгынын олуттуу бөлүгүн импорт менен камсыздаган өлкө катары биз энергетикалык коопсуздугубузга таасир этиши мүмкүн болгон бардык маселелерге этият жана тең салмактуу мамиле кылышыбыз керек»,- деп билдирди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Эрдоган: Түркия тынчтык үчүн эл аралык дипломатияда алдыңкы ролду ойнойт

Анкара Москва жана Киев менен түз сүйлөшө ала турган жалгыз саясий актер

Эрдоган Түркиянын Орусия-Украина согушуна катышпай туруусунан улам Анкара келечектеги тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө мүмкүн болгон жер бойдон каларын жана тараптар ортосундагы ок атышууну көзөмөлдөөгө жардам бере аларын белгиледи.

«Түркия Орусия президенти Владимир Путин жана Украина президенти Владимир Зеленский менен түздөн-түз сүйлөшө ала турган жалгыз тарап катары турат»,-деди Эрдоган. Ошондой эле ал:«Биздин эшик баарына ачык. Мен ортомчу болуу тилегимди эки тарапка тең так жана бир нече жолу билдирдим»,-деп кошумчалады.

Эрдоган ошондой эле Бинямин Нетаньяхунун Палестинадагы аракеттерин кескин сындап, Газада түзүлүшү күтүлгөн Эл аралык Турукташтыруу Күчү Түркиясыз «легитимдүүлүккө жетүүдө кыйынчылыкка туш болорун» белгиледи.

Эрдоган:«Биз бул миссия үчүн маанилүү өлкөлөрдүн катарында турабыз: Себеби Палестина тарап менен терең тарыхый байланыштарыбыз бар, мурда Израиль менен жүргүзгөн коопсуздук жана дипломатиялык каналдарыбыз бар жана НАТО мүчөсү катары аймактык таасирибиз бар»,-деди.

«Саясий эркибиз так; Газада туруктуу тынчтык орнотууга байланыштуу бардык жоопкерчиликтерди алууга даярбыз»,-деп кошумчалады Эрдоган.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Трамп Израилдин каршылыгына карабастан Түркияга F-35 согуштук учактарын сатууну карап жатат

Иликте
Халептин Мескене аймагында Сирия армиясынын патрулуна YPG террористтери кол салды
Украина делегациясы согушту токтотуу боюнча Трамптын жетекчилигиндеги сүйлөшүүлөр үчүн АКШга барды
Германиянын канцлери: АКШ эрежелерге негизделген түзүмдөн алыстап баратат
YPG террордук уюмунун башчысы Евфраттын батышынан чегинишкендерин жарыялады
Иранда болгон митингдерде 3000 ашуун киши каза болуп, интернет акырындык менен калыбына келүүдө
ЮНИСЕФ: Электр үзгүлтүктөрүнөн улам украиналык балдар катаал кышта сууктан жабыркап жатышат
Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосундагы коргонуу келишими "даярдоо этабында"
Ирандагы нааразылык акцияларында каза болгондордун саны 2677ге жетти
Трамп Газа тынчтык кеңеши түзүлгөнүн жарыялады
Тышкы иштер министри Фидан: Түркия Иранга карата "ар кандай аскердик кийлигишүүгө" каршы
Вице-президент Жевдет Йылмаз Анкарада АКШнын өкүлү Том Баракты кабыл алды
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газадагы аба соккулары жана артиллериялык атуулары уланууда
Зеленский Украинанын энергетика тармагында өзгөчө абал жарыялоону пландап жатат
Трамп Ирандагы демонстрант өлүмдөрүнүн "токтогонун" билдирди
Аймактык чыңалуу күчөгөн сайын, Япония менен Филиппиндер жаңы коопсуздук келишимдерине кол коюшту